КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 29-декабрдагы № 631 токтому

Эр-Рияд шаарында 2019-жылдын 16-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Сауд Аравия Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы Спорт жаатындагы кызматташтык жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу

Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Эр-Рияд шаарында 2019-жылдын 16-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Сауд Аравия Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы Спорт жаатындагы кызматташтык жөнүндө макулдашуу (мындан ары – Макулдашуу) бекитилсин. 

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик жогоруда аталган Макулдашууну аткаруу үчүн жооптуу орган болуп аныкталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Сауд Аравия Королдугуна жогоруда аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө билдирсин.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.


Премьер-министрдин 

милдетин аткаруучу,                                       

биринчи вице-премьер-министр А.Э. Новиков

Тиркемелер

Басып чыгаруу