КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-октябрындагы № 504-токтому

2018-2019-жылдарга Кыргыз Республикасында жол коопсуздугу системасын реформалоо боюнча чаралар комплексин аткаруунун иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө

«Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, «Автомобиль транспорту жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. 2018-2019-жылдарга Кыргыз Республикасында жол коопсуздугу системасын реформалоо боюнча чаралар комплексин аткаруунун иш-чаралар планы (мындан ары – План) тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор жана мамлекеттик бийликтин башка органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча):

-   Планды белгиленген мөөнөттө кынтыксыз аткаруу боюнча толук чараларды көрүшсүн;

-   Пландын аткарылышы тууралуу маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына ай сайын 15ине чейин берип турушсун;

-   өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтиришсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-августундагы № 546 «Кыргыз Республикасында жол коопсуздугу системасын реформалоо боюнча чаралар комплексин аткаруунун иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө» токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

4. Планды ишке ашырууга байланышкан чыгымдар ишке тартылган мамлекеттик жана муниципалдык органдардын белгиленген жылдарга каралган каражаттарынын чегинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан тыюу салынбаган булактардын эсебинен ишке ашырылсын.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.

6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 Премьер-министр                                                  М.Д.Абылгазиев