Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 61-главасын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 61-главасын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 85 жана 86-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1.Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Майнингге салык боюнча отчетту толтуруу жана берүү тартиби FORM STI-163, 1-тиркемеге ылайык;
- Майнингге салык боюнча отчеттун формасы FORM STI-163, 2-тиркемеге ылайык.
2.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 7-апрелиндеги № 144 “Салыктарды башкаруу боюнча жоболорду жана тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында салык төлөөчүлөрдү салыктык каттоо тартиби жөнүндө жободо:
- төмөнкүдөй мазмундагы 611-пункт менен толукталсын:
“611. Майнингге салык төлөө режимин колдонууну ниеттенген салык төлөөчү салыктык катталган жери боюнча салык органына аны майнингге салык төлөөчү катары каттоо жөнүндө арыз берүүгө милдеттүү.
Салык органы салык төлөөчү тарабынан майнингге салык төлөнгөндүгү жөнүндө чечим кабыл алынгандан кийин төмөнкүлөрдү камсыз кылат:
- салык төлөөчү жөнүндө каттоо маалыматына майнингге салык төлөө режимин колдонуу жөнүндө маалыматты киргизүүнү;
- FORM STI-025 формасы боюнча салык төлөөчүнүн каттоо картасын толтурууну;
- каттоо картасынын 1 нускасын салык төлөөчүгө тапшырууну (жиберүүнү).”;
- жогоруда аталган Жобонун 3-тиркемеси ушул токтомдун 3-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
3.Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министрдин
милдетин аткаруучу,
биринчи вице-премьер-министр А.Э.Новиков