КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 20-январдагы № 15 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 “Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Жарандарга жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча милдеттерди ишке ашыруу максатында, “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 “Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринде (тизмегинде):

- 2-главасы төмөнкүдөй мазмундагы 42-пункт менен толукталсын: 

42

Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин аскердик санаторийинде санаториялык-курорттук дарылоо 

ССМ

Коргоо комитети

Акы төлөнөт

                                                                                                                       ”;

- 3-главасында:

18-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:


18

16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) ар айлык “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун дайындоо

ЭСӨМ


ЭСӨМ


Акысыз

                                                                                                                      ”;

20 жана 21-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“                                                                                                            

20

11-иш күнүнөн баштап кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду берүү

ЭСӨМ

ЭСӨМ

Акысыз

21

Ритуалдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду берүү

ЭСӨМ

ЭСӨМ

Акысыз

                                                                                                                       ”;

- 4-главасында: 

расмий тилдеги текстинин 65-пунктундагы “МКТ” деген аббревиатура “МКИТ” деген аббревиатура менен алмаштырылсын;  

төмөнкүдөй мазмундагы 101-пункт менен толукталсын:

101

Өзүнүн кесиптик компетенттүүлүгүн ырастоону каалаган жеке жактардын өтүнмөсү боюнча курулуш тармагынын адистерин квалификациялык сертификаттоо 

Курулуш агенттиги

Курулуш агенттиги

Акы төлөнөт

                                                                                                                       ”;

- 5-главасында: 

24 жана 25-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

24

Пенсионерлер, майыптар жана аларга теңештирилген жарандардын категориялары үчүн пенсияларды жана жөлөкпулдарды дайындоого байланышкан сот-эксперттик изилдөөлөрдү жүргүзүү

МСЭК

МСЭК

Акысыз

25

Жеке жана юридикалык жактардын арыздары боюнча сот-эксперттик изилдөөлөрдү жүргүзүү

МСЭК

МСЭК

Акы төлөнөт

      ”;

- төмөнкүдөй мазмундагы 57-61-пункттар менен толукталсын:

57

Жеке жана юридикалык жактардын өтүнмөсү боюнча тирөөч конструкцияларын өзгөртпөстөн кыймылсыз мүлк объекттерин өзгөртүү түрүнө архитектуралык-техникалык корутундуларды даярдоо

Курулуш агенттиги

Курулуш агенттиги

Акы төлөнөт

58

Жеке жана юридикалык жактардын өтүнмөсү боюнча     объекттерди долбоорлоого архитектуралык-пландоо шарттарын жана инженердик-техникалык шарттарды берүү

Курулуш агенттиги

Курулуш агенттиги

Акы төлөнөт

59

Жеке жана юридикалык жактардын өтүнмөсү боюнча сейсмикалык коопсуздукту камсыз кылуу үчүн атайын техникалык долбоорлоо шарттарын берүү

Курулуш агенттиги

Курулуш агенттиги

Акы төлөнөт

60

Жеке жана юридикалык жактардын өтүнмөсү боюнча     долбоордук жана сметалык документтерге экспертиза жүргүзүү жана макулдашуу

Курулуш агенттиги

Курулуш агенттиги

Акы төлөнөт

61

Жеке жана юридикалык жактардын өтүнмөсү боюнча   имараттарды реконструкциялоо, кайра пландоо жана багытын өзгөртүү мүмкүндүгүн аныктоо үчүн имараттарды жана курулмаларды инженердик-техникалык жактан изилдөө

Курулуш агенттиги

Курулуш агенттиги

Акы төлөнөт

                                                                                                                       ”;

- 6-главасында:  

расмий тилдеги текстинин 19, 21-25, 27-30-пункттарындагы “МКТ” деген аббревиатура “МКИТ” деген аббревиатура менен алмаштырылсын;  

мамлекеттик тилдеги текстинин 19-пунктундагы “МММТМ” деген аббревиатура “ММТМ” деген аббревиатура менен алмаштырылсын;

48-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

48

Кыргыз Республикасынын жарандарына, чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга чек ара аймагына кыска убакытка келүүсү үчүн уруксаттарды тариздөө

Мамкаттоо


Мамкаттоо


Акы төлөнөт (*)

                                                                                                                       ”;

62-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

62

Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун мамлекеттик реестринен банктарга, банктык эмес финансы-кредиттик уюмдарга, кредиттик бюролорго, нотариалдык контораларга жана жеке нотариустарга, мобилдик уюлдук байланыш операторлоруна, төлөм системаларынын операторлоруна, төлөм уюмдарына жана аккредиттелген күбөлөндүрүүчү борборлорго Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун жарактуулугу жана жараксыздыгы жөнүндө маалыматты берүү

Мамкаттоо


Мамкаттоо


Акы төлөнөт

                                                                                                                       ”;

- расмий тилдеги текстинин 7-главасынын 4-пунктундагы “МКТ” деген аббревиатура “МКИТ” деген аббревиатура менен алмаштырылсын;  

- расмий тилдеги текстинин 9-главасынын 6-пунктундагы “МКТ” деген аббревиатура “МКИТ” деген аббревиатура менен алмаштырылсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.


Премьер-министрдин 

милдетин аткаруучу, 

биринчи вице-премьер-министр                                          А.Э.Новиков 

Тиркемелер

Басып чыгаруу