КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 22-январдагы № 20 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-июнундагы № 356 “Салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын киргизүү боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 

Коронавирустук инфекция пандемиясынын шарттарында жүргүзүлүүчү салык саясатынын ырааттуулугун камсыз кылуу, ошондой эле салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын натыйжалуу киргизүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын  24-июнундагы № 356 “Салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын киргизүү боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

     1)  5-пунктунда:

     - 1 жана 4-пунктчаларындагы “январынан” деген сөз “апрелинен” деген сөз менен алмаштырылсын;

     - 2-пунктчасындагы “январына” деген сөз “апрелине” деген сөз менен алмаштырылсын;

    2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын ишке киргизүүнүн алкагында субъекттердин контролдук-кассалык машиналарга өтүү жана колдонуу графигинде:

    - 3 жана 4-пункттарындагы “январынан” деген сөз “апрелинен” деген сөз менен алмаштырылсын;

    - 1-таблицасынын “1-этап (Бишкек жана Ош шаарларында)” главасынын 1 жана 2-пункттарындагы “январынан” деген сөз “апрелинен” деген сөз менен алмаштырылсын;

   3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ишинин спецификасына же жайгашкан жеринин өзгөчөлүгүнө жараша контролдук-кассалык машиналарды колдонбостон акчалай эсептешүүлөрдү жүргүзө алган субъекттердин тизмегинде: 

1-таблицасынын 1-пунктунун 1, 2 жана 3-пунктчаларындагы “январына” деген сөз “апрелине” деген сөз менен алмаштырылсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана  2021-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет. 


Премьер-министрдин 

милдетин аткаруучу, 

биринчи вице-премьер-министрдин

милдетин аткаруучу                                                              А.Э. Новиков

Тиркемелер

Басып чыгаруу