Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-февралындагы № 59 «Отун-энергетикалык комплекси жаатындагы иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо маселелери жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Отун-энергетикалык комплекси чөйрөсүндө лицензияларды берүү жол-жобосун тартипке келтирүү максатында, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында кенемтелердин келип чыгышын болтурбоо үчүн, «Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-февралындагы № 59 «Отун-энергетикалык комплекси жаатындагы иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 2-пунктундагы «2020» деген цифралар «2022» деген цифралар менен алмаштырылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министрдин
милдетин аткаруучу,
биринчи вице-премьер-министр А.Э.Новиков