Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы жөнүндө
Мамлекеттик чек араны кайтаруу жаатындагы мамлекеттик башкарууну өркүндөтүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы жөнүндө жобо, 1-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын башкаруу схемасы, 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын аскер кызматчыларына (мөөнөттүү аскердик кызмат өтөгөн аскер кызматчыларынан тышкары) пенсиясын жана кызмат өтөгөн жылдарына пайыздык үстөктү эсептөөнү аныктоо үчүн төмөнкүдөй тартип колдонула тургандыгы белгиленсин:
- бир ай кызмат өтөө – бир жарым ай катары эсептелет;
- деӊиз деӊгээлинен 1800 метрден ашык бийиктикте жайгашкан аскер бөлүктөрүндө жана бөлүкчөлөрүндө, ошондой эле Баткен облусунда туруктуу жайгашкан аскер бөлүктөрүндө, мекемелерде жана бөлүкчөлөрдө кызмат өтөгөндөр үчүн бир ай кызмат өтөө – эки ай катары эсептелет.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-декабрындагы № 814 “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын маселелери жөнүндө” токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-майындагы № 306 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтомунун 28-пункту;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 7-августундагы № 453 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-декабрындагы № 814 “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын маселелери жөнүндө” токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 20-ноябрындагы № 659 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө” токтомунун 2-пункту;
5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 17-июнундагы № 371 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомунун 9-пункту;
6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-августундагы № 566 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтомунун 4-пункту;
7) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 16-августундагы № 444 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-декабрындагы № 814 “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын маселелери жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому;
8) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-декабрындагы № 653 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтомунун 26-пункту.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министрдин
милдетин аткаруучу,
биринчи вице-премьер-министр А.Э.Новиков