КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 27-январдагы №24 токтому

Киреше салыгы, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары жана эмгек мамилелери боюнча отчеттун формасын жана аны толтуруу жана берүү тартибин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 85 жана 86-беренелерине, «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1.Төмөнкүлөр бекитилсин:

1) киреше салыгы, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары жана эмгек мамилелери боюнча отчеттун формасы  (FORM STI – 161), 1-тиркемеге ылайык;

2) Киреше салыгы, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары жана эмгек мамилелери боюнча отчетту (FORM STI – 161) толтуруу жана берүү тартиби, 2-тиркемеге ылайык.

2.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-мартындагы № 109 «Отчеттордун, патенттердин, эсептөөлөрдүн, кабарлоонун, салыктарды жана салыктык эмес кирешелерди башкаруу боюнча маалыматтардын формаларын бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Салык агенти кармап калган киреше салыгынын жана төлөнгөн кирешелердин суммалары жөнүндө маалыматтын (FORM STI-017) формасын толтуруунун жана берүүнүн тартибинде: 

- 1-пунктундагы «Салык агенти» деген сөздөр «Салык агенти-чакан жана орто ишкердик субъекти, коммерциялык эмес уюм» деген сөздөр менен алмаштырылсын; 

2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык түзүлгөн келишимдер боюнча иштеген жеке жактардан салык агенти кармап калган киреше салыгынын жана төлөнгөн кирешелердин суммалары жөнүндө маалыматтын (FORM STI-058) формасын толтуруунун жана берүүнүн тартибинде: 

- 1-пунктундагы «салык агенти» деген сөздөр «салык агенти-чакан жана орто ишкердик субъекти, коммерциялык эмес уюм» деген сөздөр менен алмаштырылсын. 

3.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 9-октябрындагы № 699 «Отчеттуулук формаларын жана аларды толтуруу жана берүү тартиптерин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 1-пунктунда:

- сегизинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын; 

- тогузунчу абзацындагы «, FORM STI-134» деген сөздөр алып салынсын;

2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Салык агенти тарабынан кармалуучу киреше салыгы боюнча отчетторду (FORM STI-132, FORM STI-133, FORM STI-134) толтуруу жана тапшыруу тартибинде: 

- аталышындагы жана 1-пунктундагы «, FORM STI-134» деген сөздөр алып салынсын;

- 2-бөлүмүнүн аталышындагы «жана салык агентинин (чакан жана орто ишкердик субъекттен, коммерциялык эмес уюмдан тышкары) (FORM STI-134)» деген сөздөр алып салынсын;

- 23-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;

- 24-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«24. FORM STI-132 отчетунда:».

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-июлундагы № 385 «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө нускамада: 

- 20-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

«Чакан жана орто ишкердик субъекттери, коммерциялык эмес уюм болуп саналбаган камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөр Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык ай сайын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген форма жана тартип боюнча милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары боюнча эсептешүү ведомостун түзүшөт жана беришет.».

5.Ушул токтом расмий түрдө жарыяланууга тийиш жана 2021-жылдын 1-апрелинен тартып күчүнө кирет. 


Премьер-министрдин 

милдетин аткаруучу, 

биринчи вице-премьер-министрдин 

милдетин аткаруучу                                                                   А.Э.Новиков

тиркеме