КР Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2021-жылдын 25-январындагы №41-буйругу

КР КЧ 30-02:2020 “Кыргыз Республикасынын шаар куруу документтеринин курамы, иштеп чыгуу, макулдашуу жана бекитүү тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Курулуш ченемдерин бекитүү тууралуу

Ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2018-жылдын 11-июнундагы №13-чуа буйругу менен бекитилген “Курулуштагы ченемдик документтердин тутуму жөнүндөгү” Жобого ылайык келтирүү максатында, мамлекеттер аралык ченемдик документтерге шайкештөө менен, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы №530 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органдарына өткөрүп берүү тартиби жөнүндө” токтомун  жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-июнундагы №372 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги (мындан ары-Мамкурулуш) жөнүндө  Жобону жетекчиликке алуу менен, буйрук кылам:

1. Тиркемеге ылайык КР КЧ 30-02:2020 “Кыргыз Республикасынын шаар куруу документтеринин курамы, иштеп чыгуу, макулдашуу жана бекитүү тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Курулуш ченемдери бекитилсин.

2. Мамкурулуштун алдындагы Шаар куруу жана архитектура мамлекеттик долбоорлоо институту:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө” токтомуна ылайык ушул буйруктун расмий жарыялануусу боюнча чараларды көрсүн;

2) ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып, үч жумуш күндүн ичинде   буйруктун көчүрмөсү мамлекеттик жана расмий тилде, кагаз жана электрондук түрдө, аталган буйрукту жарыялоо булактарын көрсөтүү менен эки нускада Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик бирдиктүү реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн;

3) ушул буйрук  күчүнө кирген күндөн тартып, үч жумуш күндүн ичинде, буйруктун көчүрмөсү маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жөнөтүлсүн;

3.Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2016-жылдын 27-майындагы №5-чуа “Кыргыз Республикасынын шаар куруу документтеринин курамы, иштеп чыгуу, макулдашуу жана бекитүү тартиби жөнүндө Эрежелер топтомун бекитүү тууралуу” буйругу;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2017-жылдын 13-июлундагы №8-чуа “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2016-жылдын 27-майындагы №5-чуа “Кыргыз Республикасынын шаар куруу документтеринин курамы, иштеп чыгуу, макулдашуу жана бекитүү тартиби жөнүндө Эрежелер топтомуна” өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” буйругу;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2019-жылдын 28-февралындагы №36-чуа “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2016-жылдын 27-майындагы №5-чуа (КР Мамкурулушунун 2017-жылдын 13-июлундагы №8-чуа буйругунун редакциясында) “Кыргыз Республикасынын шаар куруу документтеринин курамы, иштеп чыгуу, макулдашуу жана бекитүү тартиби жөнүндө Эрежелер топтомуна” өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” буйругу.

4. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн   30 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Мамкурулуштун директорунун орун басары   У.К.Калманбетовго жүктөлсүн.


Директор                                                                                           У.Кокочаров

тиркеме

Тиркемелер

Басып чыгаруу