Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын 2020-жылдын 11 -ноябрындагы №1 буйругу

«Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын чек   ара  көзөмөлдөө  органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын  кесип  өтүүчү адамдардын документтерин текшерүү  боюнча   Нускаманы  бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын 2019-жылдын 16-январындагы № 1 буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү  жөнүндө

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын   Өкмөтүнүн  2014-жылдын 15-сентябрындагы  № 530 токтомуна  ылайык   Мамлекеттик чек араны кесип өтүүдө жарандардын документтерин текшерүүнүн укуктук негиздерин жөнгө салуучу ченемдик базаны ылайыкка келтирүү, маалыматтарга жетүүгө  жарандардын  конституциялык  укуктарын камсыздоо  максатында, буйрук кылам: 

         1. «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын чек  ара көзөмөлдөө органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын кесип өтүүчү адамдардын документтерин текшерүү боюнча Нускаманы бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын 2019-жылдын 16-январындагы № 1  буйругуна төмөнкүдөй   өзгөртүүлөр    киргизилсин:

Жогоруда көрсөтүлгөн буйрук менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын чек  ара көзөмөлдөө органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын кесип өтүүчү адамдардын документтерин текшерүү боюнча Нускамада:

- 3-пункттун:

бешинчи абзацында «борбордук  аппараттын башкаруу органдары, аймактык башкармалыктарынын» деген  сөздөрдөн кийин «, аскер бөлүктөрдүн» деген сөздөрү менен толукталсын; 

жетинчи абзацында «атайын бөлүнгөн»  жана «атайын» деген сөздөр алынсын, «өткөрүү пункттарындагы»  деген  сөздөрдөн кийин  «өзүнчө»   деген сөз менен  толукталсын;

сегизинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«жараксыз документ – бул мөөнөтү аяктаган же реквизиттери   мамлекеттердин  компетенттүү  органдары тарабынан орнотулган  үлгүгө   дал келбеген, тийиштүү үлгүдө таризделбеген, берүүчүгө тиешелүү болбогон, жасалма шектери бар, бекитилген тартипте жараксыз деп таанылган, документтин ээси тарабынан жарандыктан чыгуусу ишке ашырылган  документ»

төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу, онунчу абзацтары  менен толукталсын: 

«реадмиссия – чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын өлкөгө кирүү, чыгуу жана жүрүү маселелери боюнча ошол мамлекеттердин мыйзамдарын бузууда аталган мамлекеттердин территориясына кирген же жүргөн адамдарды эл аралык Макулдашууда каралган   тартипте, шарттарда жана максаттарда мамлекеттердин компетенттүү органдары тарабынан өткөрүп берүүсү жана кабыл алуусу»;

«Электрондук дарбаза (E-Gate)» - бул чек арадан өтүп жаткан адамдарды каттоо бөлүгүндө контролердун функцияларын алмаштырууну камсыздоо, алардын биометрикалык жана паспорттук маалыматтарын тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү системасына чогултуу жана жөнөтүү, тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү системасынан келип түшкөн «өткөрүлсүн» жана «өткөрүлбөсүн» деген буйруктарды аткарууга  арналган   программалык-аппараттык   комплекс»; 

- 4.1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы он экинчи абзац менен толукталсын:

«- реадмиссия жөнүндө Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде каралган өздүгүн тастыктаган документтер же башка документтер»;

- 4.3-пункттун:

үчүнчү, төртүнчү абзацтары  төмөнкүдөй мазмунда баяндалсын: 

«- Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде каралган чыгуулардын максатын  тастыктаган документтер»  

«- Кыргыз Республикасынын тышкы миграция чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерине, макулдашууларына жана күчүндөгү мыйзамдарына   ылайык  Кыргыз Республикасынын аймагынан  чыгуу күнү тастыкталган, транзит аркылуу кетүүчү жүргүнчүлөрдүн жол жүрүү  билеттери»;

бешинчи абзацындагы «убактылуу  жана  туруктуу» сөздөрү  алынсын; 

- 4.4-пункту  төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«Чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар Кыргыз Республикасында убактылуу жүргөн мезгилде Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүгө негиз болгон документтерин жоготуп алса, аталган адамдарды чет мамлекеттердин Кыргыз Республикасындагы  дипломатиялык же консулдук мекемелер тарабынан берилген, алардын өздүгүн күбөлөндүргөн документтер боюнча Мамлекеттик чек арадан   өткөрүлөт (Кыргыз Республикасынын визасы болгон учурда, эгерде Кыргыз Республикасынын укуктук-ченемдик актылары жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдерде каралган  болсо)»;

- 4.5-пункту төмөнкүдөй  редакцияда баяндалсын:

«Чек ара көзөмөлдөө органдары Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу үчүнчү өлкөлөргө өтүп жаткан чет өлкөлүк жарандардын  жана жарандыгы жок адамдардын  документтерин текшерүүдө эгерде башка тартип Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде каралбаса,  аталган өлкөлөрдүн  визаларынын   бар-жогун  көзөмөлдөбөйт. Мындай жарандарды  кетип бара жаткан  мамлекеттин   аймагына өткөрүүдөн баш тартылса, чек ара көзөмөлдөөнүн  автоматташтырылган системасындагы (тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү системасында) Кыргыз Республикасынын  Мамлекеттик   чек  арасын  кесип   өтүүсү тууралуу   акыркы  фактысы   жана  чыгуусу  жөнүндө   белгилер  жокко  чыгарылат»;

- 5-пунктундагы  «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин негизинде анык документтери же аларды алмаштыруу документтери менен» деген  сөздөр « Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин негизинде жарактуу документтери же Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын кайтаруу чөйрөсүндөгү мыйзамына ылайык» деген сөздөргө алмаштырылсын;

5.2-пункту төмөнкү  мазмундагы онунчу абзац менен толукталсын:

«- Кыргыз Республикасынын тышкы миграция чөйрөсүндөгү мыйзамы менен  орнотулган  башка   документтер»;

5.3.-пунктундагы «Мыйзамдуу өкүлдөрүнүн» деген сөздөрдөн кийин «же алардын биринин» деген сөздөр менен толукталсын; 

7-пункту төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

«Расмий делегациялардын курамындагы адамдардын, ошондой эле  өлкө жана өкмөт башчыларына, министрлерге, эл аралык уюмдардын жетекчилерине, өкмөттүк, парламенттик жана коомдук делегациялардын  мүчөлөрүнө, көрүнүктүү коомдук ишмерлерге тийиштүү документтери, алар менен чогуу бара жаткан үй-бүлө мүчөлөрүнүн жана коштоочу адамдардын  документтери  ведомстволук актыларга ылайык текшерилет»; 

- 8-пункттун:

биринчи абзацындагы «негизи» деген сөз «убактысы» деген  сөзгө  алмаштырылсын; 

төртүнчү жана бешинчи абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«- Кыргыз Республикасында жашоого уруксат алган чет өлкөлүк жарандар тарабынан, - алардын өздүгүн жана жашап турушу үчүн уруксат берилген  жарактуу документтерди;

- Кыргыз Республикасынын адам укугун коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамына ылайык   качкындын жол жүрүү документин»; 

- 9.1-пункттун:

үчүнчү жана бешинчи абзацтары күчүн жоготту деп табылсын;

алтынчы абзацы  төмөнкүдөй   редакцияда  баяндалсын:

«- Кыргыз Республикасынан чыгуу же Кыргыз Республикасына кирүү укугу чектелген адамдарды эсепке алуу боюнча маалыматтар системасы аркылуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын тышкы миграция чөйрөсүндөгү мыйзамы менен орнотулган башка чектөөчү чаралар  көрүлгөн адамдардын Кыргыз Республикасынан чыгуу же Кыргыз Республикасына   кирүү  укугуна  негизди текшерүү»;

сегизинчи жана тогузунчу абзацтары  төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:

«-  автоматташтырылган системалар аркылуу  документти берүүчүнү сүрөткө тартуу  (тийиштүү техникалык каражаттар болсо);

Сүрөткө тартуу аны ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү жок учурларда жүргүзүлбөйт (чек ара көзөмөлдөөнүн тийиштүү техникалык каражаттары жок болсо, расмий делегацияларды тариздөөдө, ведомстволук актылар менен аныкталган башка учурларда)»;

онунчу абзац “документти көрсөткөн адамдан” деген сөздөрдөн кийин “жана башка кызматтык мүнөздөгү суроолор боюнча” деген сөздөр менен толукталсын; 

он биринчи абзац  төмөнкүдөй   редакцияда  баяндалсын:

“өздүгүн ырастаган документке же белги коюу каралган башка документке зарыл болгон белгини коюу”; 

- 9.2-пункттун:

бардык тексти боюнча «автоматтык» сөзү «автоматташтырылган» деген сөзгө алмаштырылсын 

экинчи абзац менен төмөнкү мазмунда толукталсын: 

«-  «Электрондук дарбаза»  программалык-аппараттык комплекстин өткөрмө модулдарынын бирине келишет жана биринчи чек ара көзөмөлдөөдөн өтүү үчүн монитордогу нускамага ылайык аракеттенишет»;

төртүнчү абзац  төмөнкүдөй   редакцияда  баяндалсын:

«- документти иштетүү процесси аяктагандан кийин оң жана сол колдун  баш бармак издерин сканерге кезеги менен коюшат»;

бешинчи абзацындагы «верификациялоо   процедурасынан  өткөрүү» деген сөздөр   «(тийиштүү техникалык каражаттар болсо)» деген сөздөр менен толукталсын;

бешинчи абзацынан кийин төмөнкүдөй мазмундагы   абзацтар  менен  толукталсын:

«- бармак издери боюнча верификациялоо процесси аяктагандан кийин паспорт машина эсептегич түзүлүштөн  алынат;

- «E-Gate» системасынын  каражаты менен  жүзүн сүрөткө тартуу»;

жетинчи абзацынан кийин төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

«- чек ара көзөмөлүнөн ийгиликтүү өткөн учурда «Электрондук дарбаза»   аркылуу ачылган  эшиктен өтүшөт;

- 10-пункттун:

биринчи абзацтагы биринчи сүйлөмдө «эки мүнөттөн ашпашы крек» деген сөздөрдүн алдына «(бир адамга)» деген сөздөр коюлуп  толукталсын;

үчүнчү абзацындагы «Көрсөтүлгөн учурда  адамды  кармоо   өткөрүү  пунктундагы режимди бузуу жөнүндө иш боюнча өндүрүштүн алкагында административдик кармоо протоколунун  негизинде ишке ашырылат» деген сөздөр алынсын;

- 14-пункту төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

«Убактылуу жүргөндөн кийин Кыргыз Республикасынан чыгып жаткан  чет өлкөлүк жана жарандыгы жок адамдардын   документтеринде катталгандыгы жөнүндө белгилердин жоктугу аныкталса, алардын Кыргыз Республикасына  чыгуу  укугун   чектөө үчүн  негиз  болбойт»;

- 16-пункттун:

үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:  

« - ыйгарым укугу жок органдын же ойдон чыгарылган мамлекеттин атынан берилген, жасалма  шектери бар документти  берген   учурда»;

бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: 

« - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын кайтаруу чөйрөсүндөгү мыйзамы, жазык-процесстик мыйзамы менен каралган тартипте чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын  же Кыргыз Республикасынын жаранынын кыймылы чектелген учурда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын  ыйгарым   укуктуу  мамлекеттик  органдарынын   тапшырмаларын  аткарууда»

- 17-пункту   төмөнкүдөй  редакцияда баяндалсын:

«Документ алынган ар бир учурда документти алуу актысы түзүлөт, анда: аны түзүү күнү жана орду, акты түзгөн адамдын фамилиясы, аты, атасынын аты; эгерде такталган болсо, бузуучунун өздүгү, бузуу  жасалган орду, мөөнөтү жана бузуунун түрү жөнүндө маалымат; документтин алынышы жөнүндө маалымат көрсөтүлөт; алып коюу актысына дата-штамптын изи коюлат»;

19-пункту төмөнкүдөй  редакцияда баяндалсын: 

“Документи алынган адамга белгиленген  формадагы маалым кат (тиркеме №1) жана белгиленген формадагы актынын   көчүрмөсү (тиркеме №2)» берилет;

- 20-пункту «мамлекеттик органдын башкармалыгынын жетекчисинин» деген сөздөрдөн кийин  «же   аскер бөлүктүн командиринин» деген сөздөр менен  толукталсын;

- 21-пунктта:

төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: 

«- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын кайтаруу чөйрөсүндөгү мыйзамдары боюнча бузуулар  аныкталган  учурда бузуу жөнүндө  протокол түзүлсүн, Мамлекеттик чек ара аркылуу өтүүчү транспорттук каражаттарды, жүктөрдү жана адамдарды кароо (тинтип кароо) жүргүзүлсүн»;

төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын: 

« - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү мыйзам, жазык-процесстик мыйзам менен каралган тартипке ылайык адамдардын кыймылы чектелсин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын тапшырмаларын  аткарууда»;

- Мамлекеттик чек ара аркылуу өтүүчү адамдарды оозеки сурамжылоону ишке ашырсын»;

- 22-пунктта:

сегизинчи абзац төмөнкүдөй  мазмунда баяндалсын:

«- Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүчү чет өлкөлүк  жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын бир эле адамга берилген чет мамлекеттик эки паспорту же аларды алмаштыруучу документтери   болгон  учурда  Мамлекеттик чек арадан  өткөрүү   кыргыз визасы берилген документ же Кыргыз Республикасынын күчүндөгү визасы бар документтин номери көрсөтүлгөн алмаштыруучу документ боюнча жүргүзүлөт»;

онунчу  абзацында «Кыргыз Республикасынын аймагына киргизүүдөн жана» деген  сөздөрдөн кийин «Кыргыз Республикасынын жаранын, чет өлкөлүк жаранды же жарандыгы жок адамды»  деген  сөздөр менен толукталсын жана «(1-тиркеме)» деген сөздөр «(3-тиркеме)» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

он бешинчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын;

төмӊкү мазмунда он алтынчы-он сегизинчи абзацтары менен толукталсын:

“- Кыргыз Республикасында жарактуу жашап турушу үчүн уруксаты бар чет элдик жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды өткөрүү жарактуу документтери боюнча жүргүзүлөт; 

- мыйзамдуу өкүлүн аныктоо максатында 18 жашка толо   элек  Кыргыз Республикасынын жарандарынан туулгандыгы жөнүндө жана башка документтерди  талап   кылууга;

- Шериктештикке кирбеген мамлекеттерден келген КМШ жарандары тийиштүү документтери жок Кыргыз Республикасына кирүү  үчүн өткөрүү пунктуна келген учурда алар жараны болуп саналган Тараптын макулдугу жок кайрадан чыгарылбайт же Шериктештикке кирбеген   мамлекеттердин  бийлигине  өткөрүлүп   берилбейт”;

- 23-пунктунун экинчи абзацы күчүн жоготту деп табылсын;

24-пункту төмөнкүдөй  мазмундагы   абзац  менен  толукталсын:

«-  чек ара көзөмөлдөөнүн предметине тийиштүү маселелер боюнча түшүндүрмөлөрдү берүүгө.»;

33-пункту төмөнкүдөй  редакцияда баяндалсын:

«Жарактуу документтер менен Кыргыз Республикасынын  визасында көрсөтүлгөн мөөнөттөн эрте Кыргыз Республикасынын аймагына кирүү үчүн келген чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды өткөрүү жөнүндө чечимди Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын облус боюнча башкармалыгынын башчысы же улуттук коопсуздуктун аймактык органдары  жана визаны берген органдар менен макулдашуу боюнча аскер бөлүктүн командири кабыл алат.

 Жарактуу документи бар чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын документиндеги кыргыз визасында (электрондук  визалардан тышкары) виза берген Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдарынын күнөөсү боюнча жол берилген техникалык мүнөздөгү  каталар аныкталса, мындай  визалардын  түп   нускалыгы жана берүүчүгө тийиштүүлүгү күмөн туудурбаса, чек ара көзөмөлдөө бөлүкчөлөрүнүн смена башчыларынын же алардын милдетин аткаруучулардын чечими боюнча Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүлөт»;

- 34-пунктта:

«ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын  областтык башкармалыгынын башчысы» деген сөздөн кийин  «же аскер бөлүктүн командири» деген сөздөр менен толукталсын»;

“Ошону менен бирге жарандардын бул категориясын чек арадан өткөрүү тууралуу чечимин кабыл алуу, анын ичинде макулдашууга кеткен убактысы 48 сааттан ашпашы керек.” деген сүйлөм алынсын;

- 35-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«Жарактуу паспорттору (аларды алмаштыруучу документтер)» жана өлкөдөн чыгууда алардан көз карандысыз, документ түрүндө тастыкталган кырдаалдардан жаралган тоскоолдуктардан (транспорт каражаттарынын кыймылына тоскоолдук жаратуучу табийгый кырсык, метеошарттары)  улам мөөнөтү аяктаган Кыргыз Республикасынын  визасы бар чет өлкөлүк жарандардын жана жарандагы жок адамдардын Кыргыз Республикасынан чыгуусу боюнча чечимди Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бөлүкчө башчысы кабыл алат. Мында ушул жобо Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга тиешелүү эмес»;

40-пунктунда «Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын» деген сөздөрдөн кийин «жана аскер бөлүктүн» деген сөздөр менен толукталсын, «Чек ара көзөмөлдөө» деген сөздөн кийин «башкы» деген сөз менен толукталсын;

экинчи абзацында «Мамлекеттик чек ара кызматынын областтар боюнча башкармалыктарынын» деген сөздөрдөн кийин «, аскер бөлүктүн»  деген  сөздөр менен толукталсын»;

-   жогоруда көрсөтүлгөн буйрук менен бекитилген 1-тиркеме ушул буйруктун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын; 

-   жогоруда көрсөтүлгөн буйрук менен бекитилген 2-тиркеме ушул буйруктун 2-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын; 

- ушул буйруктун 3-тиркемесине ылайык 3-тиркеме менен толукталсын. 

2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын чек ара көзөмөлдөө органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын кесип өтүүчү адамдардын документтерин  жалпы  жана   атайын текшерүүнү жүргүзүү боюнча Колдонмону бекитүүчү Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын буйругу күчүнө киргенче Кыргыз  Республикасынын  Мамлекеттик чек  ара   кызматынын Төрагасынын 2006-жылдын 20-декабрындагы № 453 буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын чек ара көзөмөлдөө органдарынын документтерди текшерүү боюнча Колдонмосунун тиркемелерин  убактылуу колдоно  алат. 

- № 3  - Кыргыз Республикасынын  Мамлекеттик чек арасы аркылуу өтүүчү  адамдардын документтерин  атайын   текшерүү  актысы;

- № 4  - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу   өткөрүү пунктунда атайын текшерүүгө кабылган документтерди эсепке алуу  журналы;

- № 8 - Жасалма документке  карата карта;

- № 10 - Өткөрүү пунктунда  Кыргыз Республикасына кирүүгө жана Кыргыз  Республикасынан чыгууга укук берген документтерде аныкталган  оң эместиктерди эсепке  алуу китеби.

3. Укуктук камсыздоо башкармалыгына:

- ушул буйрук Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына маалымат үчүн  жана Кыргыз Республикасынын  Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын укуктук-ченемдик актыларынын мамлекеттик реестрине  киргизүү үчүн жөнөтүлсүн. 

4. Жалпы маалымат каражаттары жана коомчулук менен  байланышуу боюнча  бөлүм   ушул  буйрукту  катталган күндөн баштап үч жумушчу  күндүн   ичинде: 

- «Эркин тоо» газетасында;

- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын  веб-сайтында  жарыяласын.

5. Буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө төраганын биринчи орун басары-Башкы штабдын башчысына жүктөлсүн.   

6. Буйрук расмий жарыяланган күндөн баштап 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.


Төрага                                                полковник У.З. Шаршеев

Тиркемелер

Басып чыгаруу