Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 18-июлундагы № 521 «Мамлекеттик салыктын өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү туралуу
«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 18-июлундагы № 521 «Мамлекеттик салыктын өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: жогоруда аталган токтом менен бекитилген мамлекеттик салыктын өлчөмдөрүнүн 2-пунктунун «м» пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «
м) Банктарды жоюу агенттиги, салык жана бажы органдары берген карызды өндүрүү жөнүндө доо арыздарынан | эсептик көрсөткүчтүн бир жолку ставкасы |
».
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет жана 2019-жылдын 1-январына чейин колдонулат.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев