“Айыл чарбасын каржылоо – 9”долбоорун бекитүү жөнүндө
2021-жылы айыл чарба иштерин өз убагында жүргүзүүдө республиканын айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. “Айыл чарбасын каржылоо – 9” долбоору тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:
1) “Айыл чарбасын каржылоо – 9” долбоорун ишке ашырууга катышуучу коммерциялык банктардын пайыздык ставкаларын субсидиялоого 372000000,0 (үч жүз жетимиш эки миллион) сомду “Айыл чарбасын каржылоо – 9” долбоорун ишке ашырууга катышкан коммерциялык банктарга бөлүп берсин;
2) “Айыл чарбасын каржылоо – 9” долбоорун ишке ашырууга катышкан коммерциялык банктар менен пайыздык ставкаларды субсидиялоо жөнүндө тийиштүү келишимдерди түзсүн;
3) субсидияларды 2021-жылга республикалык бюджеттин каражаттарынан каржыласын, ошондой эле “Айыл чарбасын каржылоо – 9” долборун кийинки жылдарга (субсидиялардын экинчи жана үчүнчү траншын) каржылоону карасын.
3. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги “Айыл чарбасын каржылоо – 9” долбоорун ишке ашырууга катышкан коммерциялык банктар менен (макулдашуу боюнча) бирдикте “Айыл чарбасын каржылоо – 9” долбоорунун натыйжалуулугуна талдоо жүргүзсүн жана 2022-жылдын 1-июлуна чейинки мөөнөттө жыйынтыктарын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына берсин.
4. “Айыл чарбасын каржылоо – 9” долбоорун ишке ашырууга катышкан коммерциялык банктарга чарбакер субъекттер жана тамак-ашты кайра иштетүүчү өнөр жай ишканалары үчүн кредит берүүдө комиссияларды жана башка жыйымдарды албоо сунушталсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө, экономика жана инвестициялар бөлүмүнө, агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр У.А.Марипов