КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 9-февралындагы №48 буйругу

“Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык: 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2020-жылдын  20-мартындагы № 171 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

- 4-пунктундагы “, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине” деген сөздөр алып салынсын;

- жогоруда аталган буйрук менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү жана анын кесепеттерин жоюу боюнча оперативдүү штабдын курамы ушул буйруктун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.


Премьер-министр                                                                  У.А.Марипов


“Тиркеме

Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү жана анын кесепеттерин жоюу боюнча оперативдүү штабдын курамы

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, оперативдүү штабдын төрагасы;

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри, оперативдүү штабдын төрагасынын орун басары (жалпы координациялоо);

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары, опертивдүү штабдын төрагасынын орун басары. 

Оперативдүү штабдын мүчөлөрү:

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри;

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри;

Кыргыз Республикасынын Юстиция министри;

Кыргыз Республикасынын Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министри;

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары;

Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министринин орун басары;

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары;

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын директору;

мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси;

монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси;

мамлекеттик материалдык резерв системасын башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош, Талас жана Чүй облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү;

Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери (макулдашуу боюнча);

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары.”.


Тиркемелер

Басып чыгаруу