Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 2-сентябрындагы № 446 «Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу чаралары тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Текшерүүгө алына турган өлчөө каражаттарынын тизмесин жана өлчөө каражаттарын текшерүүнүн ортосундагы аралыкты актуалдаштыруу максатында, «Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 2-сентябрындагы № 446 «Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу чаралары тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Текшерилүүгө тийиш болгон өлчөө каражаттарынын тизмеси жана өлчөө каражаттарын текшерүүнүн мезгилдүүлүгүндө:
- 21-25-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
« | 21 | Тиричиликтик суу эсептегичтери - ысык суу үчүн - муздак суу үчү | 4 жылда 1 жолу 5 жылда 1 жолу | ||
22 | Өнөр жай жылуулук эсептегичтери: - шарттуу өткөрүү диаметри 15-20 мм болгон - шарттуу өткөрүү диаметри 20 мм ашуун болгон | 4 жылда 1 жолу Жылына 1 жолу | |||
23 | Тиричиликтик жылуулук эсептегичтери | 4 жылда 1 жолу | |||
24 | Өнөр жай газ эсептегичтери: - Turbo Flow UFG ультра үндүү; - мембраналык, турбиналык жана башка | 4 жылда 1 жолу Жылына 1 жолу | |||
25 | Тиричиликтик газ эсептегичтери | 12 жылда 1 жолу | »; |
- 38-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
« | 38 | Деңгээл ченегичтер | Жылына 1 жолу | »; |
- 46-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
« | 46 | Суу агымынын ылдамдыгын ченегичтер | 2 жылда 1 жолу | »; |
- 48-50-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын
« | 48 | Суунун деңгээлин ченегичтерди текшерүүчү түзүлүштөр | Паспорттогу маалыматтарга ылайык | ||
49 | РУГ тибиндеги деңгээл өлчөөчү гидромелиоративдик рейкалар | 2 жылда 1 жолу | |||
50 | Электрондук корректорлор-газ эсептегичтер | Жылына 1 жолу | »; |
- 66, 67-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
« | 66 | Бурчтук өткөрүүнүн датчиктери | Жылына 1 жолу | ||
67 | Суюктуктардын, буунун жана газдын чыгымын ченегичтер жана дифманометрлер (анын ичинде экинчи жолку приборлор | Жылына 1 жолу | »; |
- 80, 81-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
« | 80 | Ашыкча басым датчиктери | Паспорттогу маалыматтарга ылайык | ||
81 | Барометрлер | Жылына 1 жолу | »; |
- 82 жана 83-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын;
- 85-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
« | 85 | Бардык типтеги рН-метрлердин комплекттери | Жылына 1 жолу | »; |
- 911-пункту менен толукталсын:
« | 911 | Газдалуунун тиричиликтик сигнализаторлору | Жылына 1 жолу | »; |
- 101-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
« | 101 | Бардык типтеги ион ченегичтер | Жылына 1 жолу | »; |
- 106-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
« | 106 | Биохимиялык анализаторлор | Жылына 1 жолу | Оптикалык өлчөө системасын пайдаланбас-тан толук автоматташ-тырылган анализатор-лордон тышкары (өлчөө функциялары менен техникалык түзүлүштөр) | »; |
- 108-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
« | 108 | Иммуноферменттик анализаторлор | Жылына 1 жолу | Оптикалык өлчөө системасын пайдаланбас-тан толук автоматташ-тырылган анализаторлордон тышкары (өлчөө функциялары менен техникалык түзүлүштөр) | »; |
- 116-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
« | 116 | Медициналык термометрлер жана тепловизорлор: - электрондук, байланышсыз - сымаптык | Жылына 1 жолу Өндүрүштөн чыкканда | »; |
- 126-129-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
« | 126 | Электр энергиясынын эсептегичтери үч фазалуу индукциялык жана электрондук | 4 жылда 1 жолу | ||
127 | Электр энергиясынын эсептегичтери бир фазалуу индукциялык жана электрондук | 8 жылда 1 жолу | |||
128 | Электр энергиясынын микропроцессордук программаланган эсептегичтери | 6 жылда 1 жолу | |||
129 | а) 1000 В чейинки токтун жана чыңалуунун трансформаторлору | 4 жылда 1 жолу | »; | ||
б) 1000 В жогору токтун жана чыңалуунун трансформаторлору | Оңдолгондон кийин жана өндүрүштөн чыккан учурда |
- 1701-пункту менен толукталсын:
« | 1701 | Айнектин жарык өткөрүүсүн өлчөгүчтөр | Жылына 1 жолу | ». |
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр У.А.Марипов