«Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине ылайык, жарандардын кайрылууларына ыкчам чара көрүү жана калк менен өз ара байланышты жакшыртуу максатында:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринин, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри - Экономика жана финансы министринин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси – министрдин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басарларынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын бөлүм башчыларынын 2021-жылдын февраль – апрелинде жарандарды жеке кабыл алуу графиги, 1-тиркемеге ылайык;
- 2021-жылдын февраль – апрелинде жарандарды жеке кабыл алуу графиги, 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри - Экономика жана финансы министри, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси – министр, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басарлары тарабынан жарандарды жеке кабыл алуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн административдик имаратынын биринчи кабатында жайгашкан № 24 кабинетте, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын бөлүм башчылары тарабынан – Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Коомдук кабылдамасында жүргүзүлө тургандыгы белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчилиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын бөлүм башчылары тарабынан жарандарды жеке кабыл алууга министрликтердин, мамлекеттик комитеттин жана ведомстволордун жетекчилиги жана кызматкерлери чакырылышы мүмкүн экендиги белгиленсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын канцеляриясы зарыл учурда жарандар тарабынан көтөрүлгөн маселелерди чечүүгө кызматтык милдеттеринин алкагында консультациялык жардам көрсөтүү үчүн Коомдук кабылдамада жарандарды кабыл алууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлерин тартууга укуктуу экендиги белгиленсин.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын канцеляриясына жүктөлсүн.
Премьер-министр У.А. Марипов