Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Ленин айыл аймагынын аймагындагы жерлерди “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Индустриялык-логистикалык борборлорду жана өнөр жай объекттерин куруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-беренесине, “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын 2018-жылдын 22-августундагы № 256-б буйругун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2018-жылдын 27-августундагы № ЭА-05-724 корутундусун эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. “Индустриал Парк “Силк Вэй” жоопкерчилиги чектелген коомунун жеке менчигинде турган, Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Ленин айыл аймагынын аймагындагы № 1130 жана 1139-контурларда жайгашкан 69,05 га сугат айдоо жер участогу индустриялык-логистикалык борборлорду жана өнөр жай объекттерин куруу үчүн “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которулсун.
2. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районунун мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыздасын:
- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлерге шаар куруу документтерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштеп чыгууну жана бекитүүнү;
- айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жана алынбай калган пайданын ордун толтуруунун суммаларын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган нормативдерге ылайык төлөөнү;
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлерди максаттуу багыты боюнча пайдаланууну.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев