КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 16-февралындагы № 46 токтому

Мектеп алдындагы чарбалардын ишин уюштуруунун тартибин бекитүү жөнүндө

Жалпы билим берүү уюмдарынын окуучуларынын тамактануусунун сапатын жакшыртуу жана рационун кеңейтүү максатында, “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Мектеп алдындагы чарбалардын ишин уюштуруунун тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги, Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) менен бирдикте өзүнүн компетенциясынын чегинде ушул токтомду ишке ашыруу боюнча зарыл чараларды көрсүн.

3.   Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.


Премьер-министр                                                                У.А.Марипов

тиркеме.docx