КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-октябрындагы № 499-токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жарандык авиация чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Жарандык авиацияда учуулардын коопсуздугун камсыздоо үчүн сертификаттоо жана көзөмөлдөө функцияларынын натыйжалуулугун жана майнаптуулугун жогорулатуу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 15-январындагы № 10 «Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттиги жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

-   аталышындагы жана 1 жана 2-пункттарындагы «коммуникациялар» деген сөз «жол» деген сөз менен алмаштырылсын;

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттиги жөнүндө жободо:

-   аталышындагы жана бүткүл тексти боюнча «коммуникациялар» жана «коммуникаций» деген сөздөр «жол» жана «дорог» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

-   6.3-пунктунда:

төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:

«- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык Агенттиктин системасында милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон нускамаларды, жарандык авиациянын аба кемелерин, авиаишканаларды сертификаттоо жана текшерүү боюнча жол-жоболорду, аба кемелерин жана анын агрегаттарын тейлөө боюнча методикалык көрсөтмөлөрдү, маалымдамаларды жана Эл аралык жарандык авиация уюму (ИКАО) тарабынан сунушталган практиканын стандарттарын жайылтуу боюнча башка ведомстволук актыларды чыгарат;»;

-    тогузунчу абзацындагы «жана И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык колледжинин» деген сөздөр алып салынсын;

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттигинин башкаруу схемасында:

-   аталышындагы жана «Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттиги» деген позициядагы «коммуникациялар» деген сөз «жол» деген сөз менен алмаштырылсын;

-   «И.Абдраимов атындагы Авиациялык колледж» деген позиция алып салынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

-   жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинин 4-пунктунда:

үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«- Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясынын ишин жөнгө салуучу жоболорду жана колдонмолорду, ошондой эле аларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча;»;

-   төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 9-августундагы № 436 «Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин башкаруу схемасында:

-   төмөнкүдөй мазмундагы позиция менен толукталсын:

«И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институту»;

-   «Автовокзалдар жана автостанциялар мамлекеттик ишканалары» деген позициясы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«Кыргыз автобекети» мамлекеттик ишканасы».

4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

-   Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 13-декабрындагы № 584 «Манас» жана «Ош» эл аралык аэропортторунда тикелей аэропорттук жыйымдар жөнүндө» токтому;

-   Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-июлундагы № 511 «Эл аралык аба жолдорунда жүргүнчүлөрдү, жол жүктү, жүктү жана почтаны үзгүлтүксүз ташууда Кыргыз Республикасынын авиаташуучуларынын кызмат көрсөтүү укугуна ачык конкурс өткөрүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому.

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.


 Премьер-министр                                      М.Д.Абылгазиев