КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 22-февралындагы № 56 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 26-ноябрындагы № 579 «Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө күбөлүк жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө күбөлүктүн бланкынын сүрөттөлүшүн бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө күбөлүктүн жаңы үлгүдөгү бланктарын берүү мөөнөтүн аныктоо, ошондой эле аларды коргоо элементтерин өркүндөтүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 26-ноябрындагы № 579 «Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө күбөлүк жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө күбөлүктүн бланкынын сүрөттөлүшүн бекитүү тууралуу» токтомунатөмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:

«- Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө убактылуу күбөлүктүн бланкынын сүрөттөлүшү, 3-тиркемеге ылайык.».

- төмөнкүдөй мазмундагы 3 1 -пункт менен толукталсын:

«3 1 . Төмөнкүлөр белгиленсин:

- Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө убактылуу күбөлүктүн бланкынын сүрөттөлүшү 2021-жылдын 1-апрелине чейин колдонулары;

- Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө күбөлүктүн бланкынын сүрөттөлүшү 2021-жылдын 1-апрелинен тартып колдонулары.»;

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө күбөлүктүн бланкынын сүрөттөлүшү ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;

- ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда 3-тиркеме менен толукталсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.


Премьер-министр             У.А.Марипов

Тиркемелер

Басып чыгаруу