Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маданият жана искусство чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Маданият жана искусство мекемелеринин ишин тартипке салуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 495 “Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин типтүү чектелген штаттарын бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пунктунда:
бешинчи абзацындагы “А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын” деген сөздөр “А.Малдыбаев атындагы В.И.Ленин ордендүү Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры” мамлекеттик мекемесинин” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
онунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы Кинематография департаментинин “Т.Океев атындагы “Кыргызфильм” улуттук киностудиясы” мамлекеттик мекемесинин, 9-тиркемеге ылайык;”;
- жогоруда аталган токтомдун 4-тиркемесинде:
аталышындагы “А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын” деген сөздөр “А.Малдыбаев атындагы В.И.Ленин ордендүү Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры” мамлекеттик мекемесинин” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
I бөлүмүндөгү “А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры” деген сөздөр “А.Малдыбаев атындагы В.И.Ленин ордендүү Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры” мамлекеттик мекемеси” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
- жогоруда аталган токтомдун 5-тиркемесинде:
эскертүүнүн 17-пунктундагы “69” деген цифралар “74” деген цифралар менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтомдун 9-тиркемесинин аталышындагы “Т.Океев атындагы “Кыргызфильм” улуттук киностудиясынын” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы Кинематография департаментинин “Т.Океев атындагы “Кыргызфильм” улуттук киностудиясы” мамлекеттик мекемесинин” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 27-августундагы № 429 “Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пунктунда:
алтынчы абзацындагы “А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын” деген сөздөр “А.Малдыбаев атындагы В.И.Ленин ордендүү Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры” мамлекеттик мекемесинин” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
он биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы Кинематография департаментинин “Т.Океев атындагы “Кыргызфильм” улуттук киностудиясы” мамлекеттик мекемесинин, 10-тиркемеге ылайык;”;
- 2-пунктунда:
“А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын” жана “Кинематография департаментинин Т.Океев атындагы “Кыргызфильм” улуттук киностудиясынын” деген сөздөр “А.Малдыбаев атындагы В.И.Ленин ордендүү Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры” мамлекеттик мекемесинин” жана “Кинематография департаментинин “Т.Океев атындагы “Кыргызфильм” улуттук киностудиясы” мамлекеттик мекемесинин” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтомдун 5-тиркемесинде:
аталышындагы “А.Малдыбаев атындагы В.И.Ленин ордендүү Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын” деген сөздөр “А.Малдыбаев атындагы В.И.Ленин ордендүү Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры” мамлекеттик мекемесинин” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
I бөлүмүндөгү “А.Малдыбаев атындагы В.И.Ленин ордендүү Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры” деген сөздөр “А.Малдыбаев атындагы В.И.Ленин ордендүү Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры” мамлекеттик мекемеси” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
- жогоруда аталган токтомдун 10-тиркемесинин аталышындагы “Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр У.А.Марипов