Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-июнундагы № 362 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Баңги каражаттарын, психикага таасир этүүчү заттарды жана прекурсорлорду иштеп чыгуу, өндүрүү, даярдоо, кайра иштетүү, сактоо, башкага берүү, сатуу, сатып алуу, пайдалануу, соода кылуу, бөлүштүрүү боюнча ишти лицензиялоону тартипке келтирүү максатында, «Баңги кылуучу каражаттар, акыл-эске таасир берүүчү заттар жана прекурсорлор жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-июнундагы № 362 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 2-пунктундагы «2018» деген цифралар «2020» деген цифралар менен алмаштырылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д. Абылгазиев