Экономикалык туруктуулукту камсыздоо, ишкердик ишти өнүктүрүү үчүн жагымдуу жана коопсуз шарттарды түзүү, социалдык туруктуулукту сактоо максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн социалдык стабилдүүлүктү жана экономикалык туруктуулукту камсыздоо боюнча биринчи кезектеги чаралар планы (мындан ары – План) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча):
- Планды белгиленген мөөнөттөрдө аткаруу боюнча чараларды көрүшсүн;
- Пландын аткарылышы жөнүндө маалыматты ар бир айдын 5не жана 15не чейин Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине берип турушсун.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги Пландын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө жалпыланган маалыматты ар бир айдын 10на жана 20сына чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына берип турсун.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмү Пландын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө жалпыланган маалыматты ар бир айдын 15не жана 25ине чейин Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине берип турсун.
5. Пландын сапаттуу жана өз убагында аткарылышы үчүн Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жетекчилеринин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларынын (макулдашуу боюнча) жеке жоопкерчилиги белгиленсин.
6. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр У.А.Марипов