Кыргыз Республикасында Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу автомобилдик өткөрүү пункттарында мамлекеттик контролдун түрлөрүн жүргүзүүнүн айрым маселелери жөнүндө
Кыргыз Республикасында Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагында жайгашкан автомобилдик өткөрүү пункттары аркылуу товарларды, жаныбарларды жана транспорт каражаттарын ташып өтүүдөгү процесстерди оптималдаштыруу жана экспорттук дараметти стимулдаштыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасында Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагында жайгашкан автомобилдик өткөрүү пункттарындагы экспорттук бажы жол-жобосуна ылайык Евразиялык экономикалык бирликтин бажы аймагынан чыгып жаткан товарларга, жаныбарларга жана транспорт каражаттарына карата төмөнкү мамлекеттик контролдун түрлөрүн:
- радиациялык контролдоону;
- чек аралык контролдоону;
- транспорттук (автомобилдик) контролдоону;
- бажылык контролдоону кошпогондо, мамлекеттик контролдун түрлөрүн жүргүзүүгө тыюу салуу белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 19-ноябрындагы № 572 “Кыргыз Республикасында Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу автомобилдик өткөрүү пункттарында Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын өз ара аракеттенүү тартибин бекитүү жана опурталдарды башкаруу боюнча чараларды ишке ашыруу жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу автомобилдик өткөрүү пункттарында Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын өз ара аракеттенүү тартибинде:
- 22-пункттагы “адамдардын, товарлардын жаныбарлардын жана транспорт каражаттарынын” деген сөздөрдөн кийин “, экспорт бажы жол-жобосуна ылайык чыгып жаткан товарларды, жаныбарларды жана транспорт каражаттарын кошпогондо” деген сөздөр менен толукталсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 221-пункт менен толукталсын:
“221. Өткөрүү пункттарында экспорт бажы жол-жобосуна ылайык товарлар, жаныбарлар жана транспорт каражаттары ЕАЭБ бажы аймагынан чыгып жатканда ушул Тартиптин 18-пунктунун 1, 2, 4, 7 жана 8-пунктчалары менен каралган контролдук аракеттерди жасоо менен мамлекеттик контролду ишке ашыруунун төмөнкүдөй ыраттуулугу белгиленет.”.
3. Кыргыз Республикасында Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу автомобилдик өткөрүү пункттарында мамлекеттик контролдун түрлөрүн жүзөгө ашырган Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары ушул токтомдон келип чыккан чараларды белгиленген тартипте көрсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тийиштүү бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр У.А. Марипов