КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-мартындагы № 66 токтому

Кыргыз Республикасынан мунайды жана мунай продуктуларын Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынын чегинен тышкары ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салуу жөнүндө

Ички рынокто мунай жана мунай продуктуларынын жетишсиздигин болтурбоо максатында, 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 46 жана 47-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Ички рынок толтурулганга же Евразия экономикалык бирлигинин мунай жана мунай продуктуларынын жалпы рыноктору түзүлгөнгө чейин Кыргыз Республикасынан автомобиль жана темир жол транспорту менен мазуттан тышкары (ЕАЭБ ТЭИ ТН 2710 коду менен классификациялануучу), мунайды (ЕАЭБ ТЭИ ТН 2709 коду менен классификациялануучу) жана мунай продуктуларын (ЕАЭБ ТЭИ ТН 2710 коду менен классификациялануучу) Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынын чегинен тышкары ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салуу белгиленсин.

2. Ушул токтомдун 1-пунктунда каралган талаптар Кыргыз Республикасынын аймагынан жеке адамдар тарабынан жеке пайдалануу үчүн ташылып чыгуучу, Бажы бирлигинин Дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө техникалык регламентинин (ББ ТР 018/2011) талаптарына ылайык орнотулган транспорт каражатынын май куюучу бактарындагы, ошондой эле көлөмү 20 литрден ашпаган башка идиштеги мунай продуктуларына жайылтылбайт.

3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө Дүйнөлүк соода уюмунун Коргоо чаралары боюнча комитетине жана Евразия экономикалык комиссиясына белгиленген тартипте кабарласын.

4. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине белгиленген тартипте кабарласын.

5. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жана Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы, Кыргыз Республикасынын Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлиги ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн товарларды мыйзамсыз ташып чыгууга бөгөт коюуга багытталган зарыл чараларды көрүшсүн.

6. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр                                                                     У.А. Марипов

Тиркемелер

Басып чыгаруу