Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 1-июлундагы № 398 “Улуттук коргоо, улуттук коопсуздук, мамлекеттик сырды сактоо, маалыматтык коопсуздук жана табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу менен байланышкан товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыздоо, Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чегинен тышкары стратегиялык активдер маселелери боюнча мамлекеттин кызыкчылыгын өз убагында, толук жана натыйжалуу коргоо максатында, “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинин 3-бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 1-июлундагы № 398 “Улуттук коргоо, улуттук коопсуздук, мамлекеттик сырды сактоо, маалыматтык коопсуздук жана табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу менен байланышкан товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Улуттук коргоо, улуттук коопсуздук, мамлекеттик сырды сактоо, маалыматтык коопсуздук жана табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу менен байланышкан товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу тартибинде:
- төмөнкүдөй мазмундагы 22-пункт менен толукталсын:
“22. Мамлекеттик кызыкчылыктарды коргоодо улуттук коопсуздукту камсыздоонун алкагында ишке ашырылуучу мамлекеттик сатып алууларга Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чегинен тышкары мамлекеттик стратегиялык активдерди башкаруу үчүн товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу кирет.”;
- 4-пункту төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
“- Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чегинен тышкары мамлекеттик стратегиялык активдерди коргоодо улуттук коопсуздукту камсыздоо менен байланышкан товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу;”.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр У.А. Марипов