2018-жылдын 6-июнунда Пекин шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Саламаттык сактоо боюнча мамлекеттик комитетинин ортосундагы Саламаттык сактоо жаатындагы кызматташтык жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. 2018-жылдын 6-июнунда Пекин шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Саламаттык сактоо боюнча мамлекеттик комитетинин ортосундагы Саламаттык сактоо жаатындагы кызматташтык жөнүндө макулдашуу бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Макулдашуунун күчүнө кирүүсү үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболордун Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө кытай тарапка кабарласын.
3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги аталган Макулдашууну жүзөгө ашырууга жооптуу орган катары аныкталсын.
4. Аталган токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев