КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 76 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 12-июлундагы № 384 «Кыргыз Республикасынын дипломаттык жана кызматтык паспортторунун жобосун, сүрөттөмөсүн жана үлгүсүн бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу.

Кыргыз Республикасынын дипломаттык жана кызматтык паспортторун тариздөөнүн колдонуудагы механизмин оптималдаштыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 12-июлундагы № 384 «Кыргыз Республикасынын дипломаттык жана кызматтык паспортторунун жобосун, сүрөттөмөсүн жана үлгүсүн бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын дипломаттык жана кызматтык паспорттору жөнүндө жобо ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын. 

2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрүшсүн.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.


Премьер-министр                                                                               У.А.Марипов 


Тиркемелер

Басып чыгаруу