Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери аркылуу документтерди талап кылуунун тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын аймагынан сырткары жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарына керектүү документтерди талап кылууда көмөк көрсөтүү, ошондой эле мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санариптик форматка өткөрүүнү камсыз кылуу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери аркылуу документтерди талап кылуунун тартиби жөнүндө нускама тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр У.А.Марипов