КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-октябрындагы № 496-токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 18-июлундагы № 521 «Мамлекеттик салыктын өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү туралуу

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 18-июлундагы № 521 «Мамлекеттик салыктын өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген мамлекеттик салыктын өлчөмдөрүнүн 2-пунктунун «м» пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«

м) Банктарды жоюу агенттиги, салык жана бажы органдары берген карызды өндүрүү жөнүндө доо арыздарынанэсептик көрсөткүчтүн бир жолку ставкасы

».

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет жана 2019-жылдын 1-январына чейин колдонулат.

 Премьер-министр                                                             М.Д.Абылгазиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу