КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-октябрындагы № 495 токтому

Өндүрүп алынган баалуу металлдарды жана асыл таштарды, берметти, алардан жасалган буюмдарды, ошондой эле мындай буюмдардын сыныктарын өткөрүп берүү, сактоо, экспертизалоо, баалоо жана сатуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

«Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 65-беренесине жана «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Өндүрүп алынган баалуу металлдарды жана асыл таштарды, берметти, алардан жасалган буюмдарды, ошондой эле мындай буюмдардын сыныктарын өткөрүп берүү, сактоо, экспертизалоо, баалоо жана сатуу тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн ѳткѳндѳн кийин күчүнѳ кирет.

 Премьер-министр                                                               М.Д. Абылгазиев