Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосунда Электр энергиясы менен товар алмашуу жөнүндө
Энергетикалык коопсуздукту камсыздоо, Токтогул суу сактагычынын кооптуу кырдаалга чейин иштешине жол бербөө, 2021-жылдын 2-мартындагы Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги менен Казакстан Республикасынын Энергетика министрлигинин, Казакстан Республикасынын Экология, геология жана жаратылыш ресурстары министрлигинин ортосундагы электр энергиясы менен товар алмашуу боюнча протоколду көңүлгө алуу менен, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ачык акционердик коому (макулдашуу боюнча) менен бирдикте Кыргыз Республикасынан Казакстан Республикасына электр энергиясын 900 млн кВтс чейинки эквиваленттүү көлөмдө 2021-2023-жылдары июндан тартып августка чейинки мезгилде жылына 300 млн кВтс ашык эмес көлөмдө 1 кВтс үчүн 0,0000001 АКШ долларындагы шарттуу баада жыл сайын кайтарып берүүнү кепилдөө менен улуттук электр тармактары аркылуу электр энергиясын өткөрүп берүү боюнча кыргыз тарабынын операторунун кызмат көрсөтүүлөрүнө казакстандык оператор тарабынан акы төлөө шарттарында Казакстан Республикасынан Кыргыз Республикасына электр энергиясын 900 млн кВтс чейинки көлөмдө 2021-жылдын мартынан тартып ноябрына чейинки мезгилде тегиз эмес суткалык график боюнча 1 кВтс үчүн 0,0000001 АКШ долларындагы шарттуу баада товар алмашуу боюнча электр энергиясын кабыл алууну камсыз кылсын.
2. «Электр станциялар» жана «Кыргызстан улуттук электр тармактары» ачык акционердик коомдоруна ушул токтомдун 1-пунктун ишке ашыруу боюнча зарыл болгон чараларды көрүү жана белгиленген тартипте электр энергиясы менен товар алмашуу боюнча казакстандык оператор менен тиешелүү келишимдерди түзүү сунушталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ачык акционердик коому (макулдашуу боюнча) менен бирдикте ушул токтомдун 1-пунктунда аталган электр энергиясы менен товар алмашуунун шарттарынын аткарылышына туруктуу негизде мониторинг жүргүзүп турсун.
4. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги казакстандык тарапка ушул токтомдун кабыл алынгандыгы жөнүндө кабарласын.
5. Ушул токтомдун аткарылышы контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр У.А. Марипов