КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-июнундагы №333 токтому

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы «Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору» мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1.     Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы «Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору» мамлекеттик мекемеси түзүлсүн.

2.     Төмөнкүлөр бекитилсин:

-      Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы «Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору» мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобо, 1-тиркемеге ылайык;

-      Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы «Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору» мамлекеттик мекемесинин кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмдөрү, 2-тиркемеге ылайык.

3.     Техникалык жана кенже тейлөөчү персоналга эмгек акы төлөө боюнча ушул токтомдо каралбаган шарттар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-январындагы № 22 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлөөчү кызматкерлердин эмгек акысынын шарттары жөнүндө» токтому менен жөнгө салына тургандыгы белгиленсин.

4.     Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы «Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору» мамлекеттик мекемесинин кызматкерлерине эмгек өргүүгө чыгууда ден соолукту чыңдоого эки айлык эмгек акы фондунун өлчөмүндө жөлөкпул төлөнө тургандыгы белгиленсин.

5.     Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы «Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору» мамлекеттик мекемесинин кызматкерлеринин штаттык саны техникалык жана кенже тейлөөчү персоналды эске албаганда 15 штаттык бирдик санында белгиленсин.

6.     Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы «Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору» мамлекеттик мекемесине Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинен тиешелүү каржылоосу жана техникалык камсыздоосу менен 4 штаттык бирдик өткөрүп берилсин.

7.     Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 «Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:

-      5-пунктундагы «320», «75» деген цифралар тиешелүүлүгүнө жараша «335», «90» деген цифралар менен алмаштырылсын;

-      37-пунктундагы «26» деген цифралар «22» деген цифралар менен алмаштырылсын.

8.     Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 117 «Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин башкаруу схемасындагы «ведомстволук бөлүнүштөр» позициясы төмөнкүдөй мазмундагы позиция менен толукталсын:

«Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору» мамлекеттик мекемеси».

9.     Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-сентябрындагы № 616 «Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу органдарды аныктоо жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

-      1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

«Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы «Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору» мамлекеттик мекемеси мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун координациялоо боюнча орган болуп аныкталсын.».

10.   Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 147 «Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун даярдоону каржылоо жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун даярдоону каржылоо фонду жөнүндө жободо:

-      11-пунктунун жетинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«-    Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы «Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору» мамлекеттик мекемесинин директору.»;

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун даярдоону каржылоо фондунун каражаттарынын эсебинен мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун даярдоо тартиби жөнүндө жободо:

-      6 жана 7-пункттарындагы түрдүү жөндөмөдөгү «МЖӨ чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган» деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү «МЖӨ долбоорлорун координациялоо боюнча орган» деген сөздөр менен алмаштырылсын.

11.   Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 16-июнундагы № 328 «Кыргыз Республикасындагы Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк боюнча кеңешти түзүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк боюнча кеңеш жөнүндө жободо:

-      4-пунктунун алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«-    Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы «Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору» мамлекеттик мекемесинин директору;».

12.   Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 26-июлундагы № 414 «Мамлекеттик органдардын штаттык санын көбөйтүүгө мораторий киргизүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

-      төмөнкүдөй мазмундагы 2.2-пункт менен толукталсын:

«2.2. Ушул токтомдун 1-пункту Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы «Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору» мамлекеттик мекемесин түзүүгө карата колдонулбайт.».

13.   Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-майындагы № 253 «Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинин 5-пунктундагы «59» жана «17» деген цифралар тиешелүүлүгүнө жараша «62» жана «20» деген цифралар менен алмаштырылсын.

14.   Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-ноябрындагы № 736 «Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиги жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

3-пунктундагы «32» деген цифралар «28» деген цифралар менен алмаштырылсын;

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиги жөнүндө жободо:

-      3-пунктундагы «жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк» (мындан ары-МЖӨ)» деген сөздөр алып салынсын;

-      9-пунктундагы «ошондой эле МЖӨ механизмдерин өнүктүрүү» деген сөздөр алып салынсын;

-      10-пунктунда:

экинчи абзацындагы «жана МЖӨнү өнүктүрүү боюнча жагымдуу чөйрө түзүү» деген сөздөр алып салынсын;

үчүнчү абзацындагы «, анын ичинде МЖӨ долбоорлорун» деген сөздөр алып салынсын;

жетинчи абзацындагы «жана МЖӨнү» деген сөздөр алып салынсын;

-      11-пунктунда:

экинчи абзацындагы «МЖӨнүн механизмдери тууралуу» деген сөздөр алып салынсын;

төртүнчү абзацындагы «, анын ичинде МЖӨ долбоорлорун» деген сөздөр алып салынсын;

сегизинчи – онунчу абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын;

он биринчи абзацындагы «, анын ичинде МЖӨ долбоорлорунун,» деген сөздөр алып салынсын;

он төртүнчү жана жыйырма биринчи абзацтарындагы түрдүү жөндөмөдөгү «жана МЖӨ» деген сөздөр алып салынсын;

-      12-пунктунда:

экинчи абзацындагы «жана МЖӨ» деген сөздөр алып салынсын;

төртүнчү абзацындагы «, анын ичинде МЖӨ долбоорлору,» деген сөздөр алып салынсын.

15.   Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте «Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамдын долбоорун иштеп чыгууда Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы «Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору» мамлекеттик мекемесин каржылоого каражаттарды караштырсын.

16.   Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги:

-      бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы «Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору» мамлекеттик мекемесин түзүү менен байланышкан уюштуруу-техникалык жана финансылык маселелерин чечсин;

- белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы «Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору» мамлекеттик мекемесин юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрсүн жана ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн.

17. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

18.   Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

  Премьер-министр                                                              М.Д.Абылгазиев

тиркеме