Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 26-октябрындагы № 637 “Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү (иштерди) үчүн акы төлөөнүн өлчөмүн аныктоо тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндө системалуу коррупцияны жоюу боюнча иш-чараларды аткаруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 26-октябрындагы № 637 “Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү (иштерди) үчүн акы төлөөнүн өлчөмүн аныктоо тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“3. Мамлекеттик органдарга, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрүнө жана ведомстволук мекемелерине, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерге функциялык милдеттерди аткаруу үчүн акы алууга тыюу салынсын.”;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү (иштерди) үчүн акы төлөөнүн өлчөмүн аныктоо тартибинде:
- 1.1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү (иштерди) үчүн акы төлөөнүн өлчөмүн аныктоо тартиби (мындан ары - Тартип) мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине (тизмегине), муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жергиликтүү реестрлерине (мындан ары – мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрлери) жана уруксат берүүчү документтердин реестрине кирген мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө (мындан ары – акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөр) (иштер) тарифтерди (бааларды) түзүү боюнча бирдиктүү көрсөтмө болуп саналат.”;
1.2, 2.6, 3.2, 3.3, 4.2, 5.1-пункттарындагы “жана аймактык” деген сөздөр алып салынсын;
- 2.3-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
“Мамлекеттик органдардын акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрүнүн (иштеринин) тарифтери (баалары) Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мамлекеттик органы менен макулдашылат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет, эгерде мындай шарттар мыйзамдарда каралган болсо, ал эми калган учурларда – мамлекеттик органдын жетекчиси бекитет.
Билим берүүнүн акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрүнө (иштерине) тарифтер (баалар) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлөт жана бекитилет, Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мамлекеттик органы менен макулдашуу талап кылынбайт.”;
- 2.4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
2.4. Мамлекеттик органдардын түзүмдүк бөлүмчөлөрүнүн жана ведомстволук мекемелеринин акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрүнүн (иштеринин) тарифтери (баалары) Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мамлекеттик органынын аймактык бөлүмчөлөрү менен макулдашуу боюнча жогору турган орган тарабынан бекитилет.
Муниципалдык мекемелердин акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрүнүн тарифтери (баалары) Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мамлекеттик органынын аймактык бөлүмчөлөрү менен макулдашуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары тарабынан бекитилет.”;
төмөнкүдөй мазмундагы 2.41-пункт менен толукталсын:
2.41. Акы төлөнүүчү мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн (иштердин) тарифтери электрондук форматта макулдашылышы мүмкүн.”;
3.1-пунктунун жыйырманчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“- электрондук форматта жана/же кагаз түрүндө мамлекеттик же муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн бекитилген административдик регламенти жана стандарты.”;
- 3.2-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Тарифтердин (баалардын) прейскурантынын түшүндүрмө катына жана долбооруна тийиштүү мамлекеттик органдардын, анын түзүмдүк бөлүмчөлөрүнүн жана ведомстволук мекемелеринин, мамлекеттик жана муниципалдык мекеменин жетекчиси кол коёт. Эсептик материалдарга ушул органдын башкармалыгынын (бөлүмүнүн), ведомстволук бөлүмчөлөрүнүн, акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүгө (иштерге) тарифтердин (баалардын) долбоорлорун иштеп чыгуу тапшырылган мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин жетекчилери кол коёт.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев