КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 23-мартындагы № 109 токтому

Кыргыз Республикасынан кара металлдын сыныктарын жана калдыктарын Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан сыртка ташып чыгарууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салуу жөнүндө 

2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 47-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын
 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1.  Кыргыз Республикасынан кара металлдын сыныктарын жана калдыктарын, кара металлдардын куймасын (ЕАЭБ ТЭИ ТН 7204 коду менен классификацияланган) эритүү үчүн Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан сыртка ташып чыгарууга (экспорттоого) ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып үч күн өткөндөн кийин алты айлык мөөнөткө киргизилүүчү убактылуу тыюу салынсын. 

2.  Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги Дүйнөлүк соода уюмунун Коргоо чаралары боюнча комитетине жана Евразия экономикалык комиссиясына ушул токтомдун 1-пунктуна ылайык убактылуу тыюу салынгандыгы жөнүндө ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып үч күндөн кечиктирбестен белгиленген тартипте кабарласын.

3.  Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Аткаруу комитетине ушул токтомдун 1-пунктуна ылайык убактылуу тыюу салынгандыгы жөнүндө ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып үч күндөн кечиктирбестен белгиленген тартипте кабарласын.

4.  Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы ушул токтомдун 1-пунктунда аталган товарларды мыйзамсыз ташып чыгарууга бөгөт коюуга багытталган зарыл чараларды көрүшсүн.

5.  Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

6.  Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.


Премьер-министр                                                                  У.А.Марипов

Тиркемелер

Басып чыгаруу