КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 29-мартындагы № 118 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-сентябрындагы № 570 “Баалуу металлдарды камтыган сырьелук товарлар менен операцияларды жүргүзүүнүн айрым маселелери жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу Жер казынасын пайдалануунун өткөөл мезгилин белгилөө жана үзгүлтүксүз өндүрүштүк процессин камсыздоо максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын
 14-сентябрындагы № 570 “Баалуу металлдарды камтыган сырьелук товарлар менен операцияларды жүргүзүүнүн айрым маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 11-пунктундагы “2021-жылдын 1-апрелинен” деген сөздөр
 “2021-жылдын 1-сентябрынан” деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.


Премьер-министр                                                                 У.А.Марипов

Тиркемелер

Басып чыгаруу