КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 31-мартындагы № 123 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн салык жол-жоболорун   фискалдаштыруунун электрондук системасын киргизүү маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

Салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын киргизүүнүн алкагында жүргүзүлүп жаткан салык саясатынын ырааттуулугун камсыз кылуу, айрым товарларды идентификациялоо каражаттары менен маркалоону натыйжалуу киргизүү жана маалыматтарды реалдуу убакыт режиминде берүү функциясы менен контролдук-кассалык машиналарды колдонуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-октябрындагы №554 “Кыргыз Республикасында айрым товарларды санариптик идентификациялоо каражаттары менен маркалоо тартиби жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында санариптик идентификациялоо каражаттары менен милдеттүү маркалоого тийиш болгон өндүрүлүүчү же импорттолуучу/ташылып киргизилүүчү жана сатып өткөрүлүүчү товарлардын айрым түрлөрүнүн тизмесинде жана милдеттүү маркалоону киргизүүнүн мөөнөттөрүндө:

- “Маркалоону киргизүү мөөнөтү” графасындагы “2021-жылдын  1-апрели” деген сөздөр “2021-жылдын 1-июлу” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- “Маркаланбаган продукцияны сатууга тыюу салууну киргизүү мөөнөтү” графасындагы “2021-жылдын 1-октябрынан тартып” деген сөздөр “2022-жылдын 1-январынан тартып” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 2-пункту “2402” деген цифралардан кийин “, 2403” деген цифралар менен толукталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын  17-декабрындагы № 690 “Товарлардын айрым түрлөрүн санариптик идентификациялоо каражаттары менен маркалоо боюнча пилоттук (эксперименттик) долбоорду өткөрүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 2 жана 8-пункттарындагы “31-мартына” деген сөздөр “30-июнуна” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлүүчү же импорттолуучу/ташылып келүүчү жана сатылуучу товарлардын идентификациялоо каражаттары менен ыктыярдуу маркаланууга тийиш айрым түрлөрүнүн  тизмегинде:

- 3-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-июнундагы № 356 “Салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын киргизүү боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

1) 5-пунктунда:

- 1 жана 4-пунктчаларындагы “апрелинен” деген сөздөр “июлунан” деген сөз менен, 2-пунктчасындагы “апрелине” деген сөз “июлуна” деген сөз менен алмаштырылсын; 

- төмөнкүдөй мазмундагы 5-пунктча менен толукталсын:

“5) товарларды идентификациялоо (товарларды маркалоо) каражаттарынын коддору жөнүндө маалыматтын кассалык чектерде чагылдырылышын милдеттүү түрдө камсыз кылуу жана ыйгарым укуктуу салык органына жана/же фискалдык маалыматтардын операторуна реалдуу убакыт режиминде берүү тууралуу талаптарды аткаруу мөөнөттөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.”;

2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ишинин спецификасына же жайгашкан жеринин өзгөчөлүгүнө жараша контролдук-кассалык машиналарды колдонбостон акчалай эсептешүүлөрдү жүргүзө алган субъекттердин тизмегинде: 

- 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: 

“3. Белгилүү мөөнөткө чейин ККМди колдонбостон акчалай эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө укуктуу субъекттердин тизмеги жана ККМди колдонуудан бошотуу мөөнөттөрү 1-таблицада берилген. 

1-таблица

Субъекттер тарабынан ыктыярдуу патенттин негизинде ишке ашырылуучу иштин түрлөрү

Бошотуу мөөнөттөрү

Бишкек жана Ош шаарларында

башка административдик-аймактык бирдиктерде


соода борборлорунда жана үйлөрүндө жайгашкан, аянты 10 (он) кв. метрге чейинки түйүндөрдө товарларды сатуу, кызматтарды көрсөтүү же жумуштарды аткаруу

2021-жылдын 1-июлуна чейин

2022-жылдын          1-январына чейин


убактылуу түйүндөрдү (павильондорду, боз үйлөрдү, бастырмаларды, башка убактылуу курулмаларды) пайдалануу менен коомдук тамактануу түйүндөрүндө кызматтарды көрсөтүү

2021-жылдын 1-июлуна чейин

2022-жылдын           1-январына чейин


соода залынын аянты 20 (жыйырма) кв. метрге чейинки павильондордо, контейнерлерде, башка убактылуу курулмаларда товарларды сатуу

2021-жылдын 1-июлуна чейин

2022-жылдын          1-январына чейин


жеңил транспортто жүргүнчүлөрдү ташуу (такси кызмат көрсөтүүлөрү) боюнча кызматтарды көрсөтүү

2022-жылдын 1-январына чейин

2022-жылдын          1-июлуна чейин


калктан айнек идиштерди, утилдештирилүүчү чийки затты жана металл сыныктарын кабыл алуу

2022-жылдын 1-январына чейин

2022-жылдын           1-июлуна чейин


базарлардын, чакан базарлардын, көргөзмөлөрдүн, жарманкелердин аймагында жайгашкан төмөнкүлөрдөн тышкары товарларды сатуу, кызматтарды көрсөтүү же жумуштарды аткаруу: 

- дүкөндөрдөн;

- жайгашкан жеринин туруктуулугу менен мүнөздөлүүчү, атайын жабдылган жана соода жүргүзүүгө арналган имараттарда жана курулуштарда жайкашкан стационардык соода объекттеринен; 

- баалуу металлдардан жана таштардан жасалган зер буюмдарын сатуучу соода түйүндөрүнөн; 

- окшош жайланыштырылган жана товардын көрүнө болушун, сакталышын камсыз кылуучу, соода залынын аянты 20 (жыйырма) кв. метр жана андан ашык болгон павильондордон, контейнерлерден жана башка стационардык эмес соода түйүндөрүнөн.

2022-жылдын 1-апрелине чейин

2022-жылдын          1-октябрына чейин


тамак-аш азыктарынан тышкары, гүл өстүрүүчүлүк продукциясын жана айыл чарба продукциясын, эл керектөөчү товарларды аянты 7 (жети) кв. метрге чейинки күркөлөрдө жана ларектордо чекене сатуу

2022-жылдын 1-апрелине чейин

2022-жылдын          1-октябрына чейин


гезит-журнал күркөлөрүндө гезиттерди жана журналдарды, ошондой эле коштоочу товарларды сатуу

2022-жылдын 1-июлуна чейин

2023-жылдын          1-январына чейин 



квас, сүт жана сергитүүчү суусундуктарды цистернадан/челектерден чекене сатуу жана автомобилден жашылчаларды, жемиштерди жана башка айыл чарба продукциясын сатуу

2023-жылдын 1-январына чейин

2023-жылдын 1-январына чейин


азык-түлүк жана азык-түлүк эмес товарларды колго көтөрүп майда чекене сатуу, кол арабада, себеттерде, лотоктордо (анын ичинде атмосфералык жаан-чачындан каркастар менен корголгон,  полиэтилен плёнка, калың кездеме, брезент ж.б. менен капталган) сатуу

2024-жылдын 1-январына чейин

2024-жылдын 1-январына чейин


мейманкана кызмат көрсөтүүлөрүнөн жана батирлерди суткасына ижарага берүүдөн тышкары, жеке менчик кыймылсыз мүлктү турак жай үчүн жалдоого берүү (ижарага берүү)

2024-жылдын 1-январына чейин

2024-жылдын 1-январына чейин

”;

3) аталган токтом менен бекитилген салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын ишке киргизүүнүн алкагында субъекттердин контролдук-кассалык машиналарга өтүү жана колдонуу графигинде:

- 3 жана 4-пункттарындагы “апрелинен” деген сөз “июлунан” деген сөз менен алмаштырылсын;

- 1-таблицадагы “1-этап (Бишкек жана Ош шаарларында)” главасында:

1, 2, 3 жана 4-пункттарындагы “апрелинен” деген сөз “июлунан” деген сөз менен алмаштырылсын;

5, 6 жана 7-пункттарындагы “июлунан” деген сөз “октябрынан” деген сөз менен алмаштырылсын; 

8 жана 9-пункттарындагы “2021-жылдын 1-октябрынан” деген сөздөр “2022-жылдын 1-январынан” деген сөздөр менен алмаштырылсын.

4. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2021-жылдын  1-апрелинен тартып күчүнө кирет. 

Премьер-министр                                                                  У.А.Марипов

Тиркемелер

Басып чыгаруу