Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-ноябрындагы №547 “Товарларды ташууда навигациялык пломбаларды колдонуу менен байкоо жүргүзүү системасынын улуттук операторун тандоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 3-февралындагы № 4357-VI “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө” токмун жүзөгө ашыруу максатында , “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-ноябрындагы № 547 “Товарларды ташууда навигациялык пломбаларды колдонуу менен байкоо жүргүзүү системасынын улуттук операторун тандоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-пункттун үчүнчү абзацындагы “Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) 4-пункттагы “Экономика министрлиги” деген сөздөр “Экономика жана финансы министрлиги” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
3) 5-пункттагы “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги” деген сөздөр “монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
4) 6-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана финансы бөлүмүнө жүктөлсүн.”;
5) Жогоруда аталган токтом менен бекитилген Товарларды ташууда навигациялык пломбаларды колдонуу менен байкоо жүргүзүү системасынын улуттук операторун тандоо тартиби жөнүндө жободогу:
6-пункттун “а” пунктчасындагы “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын (МБК), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын (МСК)” деген сөздөр “бажы жана салык органдарынын” деген сөздөргө алмаштырылсын.
12-пункттагы “МБКнын жана МСКнын” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин” деген сөздөргө алмаштырылсын.
20-пункттагы “2/3” деген сандар “1/2” деген сандарга алмаштырылсын;
28-пункттагы “Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин, МБКнын жана МСКнын расмий сайттарында” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин расмий сайтында” деген сөздөргө алмаштырылсын.
45-пункттагы “МБК жана МСК” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин” деген сөздөргө алмаштырылсын.
47-пункттагы:
- “в” пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“в) Улуттук оператор дайындалгандан кийинки күндөн тартып 30
күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги менен өз ара кызматташуу жөнүндө макулдашууну түзөт, анда алмаша турган маалымат, ошондой эле Улуттук оператордун, бажы жана салык органдарынын ортосундагы маалыматтык өз ара кызматташуу тартиби аныкталат жана болушунча кыска мөөнөттө Улуттук оператордун, бажы жана салык органдардын маалыматтык системаларынын ортосунда реалдуу убакыт режиминде маалымат менен алмашууну ишке ашырат;”;
- “д” пунктчасынын биринчи абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
“д) Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлигине монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылган маалыматты жөнөтөт:”;
49-пункттагы “МБК жана МСК” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги” деген сөздөргө алмаштырылсын.
6) жогоруда аталган токтомдун 2-тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Ведомстволук комиссия Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-ноябрындагы № 547 токтому менен бекитилген Товарларды ташууда навигациялык пломбаларды колдонуу менен байкоо жүргүзүү системасынын улуттук операторун тандоо тартиби жөнүндө жобого ылайык улуттук операторду тандоо боюнча ишти уланта берсин.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр У.А.Марипов