Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Котормо борборун түзүү жөнүндө
Котормочулук ишти натыйжалуу жөнгө салуу, расмий жана башка документтердин сапаттуу которулушун уюштуруу жана камсыз кылуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Котормо борбору түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Котормо борбору (мындан ары – Борбор) жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Борбордун штаттык саны кенже тейлөө персоналын кошпогондо, 7 штаттык бирдик өлчөмүндө белгиленсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-апрелиндеги № 197 “Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруучу бийликтин мамлекеттик органдарынын карамагындагы мекемелерде иштеген кызматкерлердин эмгегине акы төлөөнүн шарттары жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пунктунун экинчи абзацында “234” деген цифралар “235” деген цифралар менен алмаштырылсын;
- ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда 235 тиркемеси менен толукталсын.
5. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармалыгы Борборду туруктуу жайгаштыруу үчүн тиешелүү жайды таап берсин.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси ‒ министрге жүктөлсүн.
7. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | У.А.Марипов |