КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 9-апрелиндеги № 136 токтому

Дары-дармек каражаттарын жана медициналык  буюмдарды Кыргыз Республикасынан экспорттоого  убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө

2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 29 жана 47-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 

1. Ушул токтомдун күчүнө кирген күндөн тарып, үч күн өткөндөн кийин тиркелген тизмеге ылайык дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды Кыргыз Республикасынан экспорттоого алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салуу белгиленсин, ал ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып үч күндөн кийин тиркелген тиркемеге ылайык киргизилет.

2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн убактылуу тыюу салуу жөнүндө белгиленген тартипте Дүйнөлүк соода уюмунун Коргоо чаралары боюнча комитетине жана Евразия экономикалык комиссиясына кабарласын.

3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгүн убактылуу тыюу салуу жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып үч күндөн кечиктирбестен белгиленген тартипте кабарласын.

4. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жана Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы ушул токтомдун 1-пунктунда аталган товарларды мыйзамсыз экспорттоого бөгөт коюуга багытталган зарыл болгон чараларды көрүшсүн. 

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн. 

6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.


Премьер-министр                                                                  У.А.Марипов

Тиркеме (2).docx