Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-августундагы № 557 “Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурасынын элементтеринин классификациясы жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурасынын элементтеринин улуттук тизмегин бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурасын сактоо жана өнүктүрүү максатында, “Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-августундагы № 557 “Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурасынын элементтеринин классификациясы жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурасынын элементтеринин улуттук тизмегин бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурасынын элементтеринин улуттук тизмегинде:
X “Ветеринария менен байланышкан билим” бөлүмү төмөнкүдөй мазмундагы 501-пункт менен толукталсын:
“
501 | Тайган таптоо билимдери жана көндүмдөрү | Тайган таптоого байланышкан билимдер жана көндүмдөр асыроо, үйрөтүү, машыктыруу сыяктуу иш-чараларды өзүнө камтыйт. Бул билимдер жана көндүмдөр байыркы каада-салттарды сактоо менен туруктуу, жашоо-тиричиликке ыңгайлуу болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында кеңири жайылган. Тайган таптоо боюнча билимдерге жана көндүмдөргө төмөнкүлөр кирет: иттерди селекциялык жалгаштыруу, күчүктөрүн тандоо, туура тамактандыруу режими, машыктыруу жана үйрөтүү. Туура тамактандыруу күчүктөрдүн торолушу жана чыдамкай болушу үчүн эне сүтүнөн эрте ажыратпоону, ошондой эле акырындык менен алардын рационуна зарыл болгон калорияларды камтыган азыктарды кошууну болжолдойт. Бул тукумдагы иттерди тамактандыруу режими катуу талапка ээ, мында ашыкча тамактандырбоо талабы аткарылат, бул алардын дене боюн жакшы формада сактоого мүмкүндүк берет. Тайгандарды дарылоонун жана дене боюнун формасын чыңдоонун салттуу ыкмалары сакталып калган жана ийгиликтүү колдонулуп келет. Тайгандарды үйрөтүү жана машыктыруу алты ай толгондон тартып, аларды аңчылыкка үйрөтүп баштаган кезде башталат. Аң улоо учурунда өзүнүн жеминин артынан кууган тайгандарга тиешелүү көндүмдөр, ошондой эле алардын эң негизги сапаты болгон тайманбастыгы калыптанат. Тайгандар жаныбарларды тик жана таштуу жарларда кууганда тамандары жаракат албашы үчүн анын тамандарына атайын тигилген, ичине туз салынган бут каптарды кийгизишет жана тамандары чыдамкай болушу үчүн түнү бою кармашат. Тайган таптоо боюнча салттуу билимдер жана көндүмдөр бүгүнкү күндө маанилүү бойдон калууда жана кеңири колдонулууда, бул аталган элементтин туруктуулугун жана жашоого ыңгайлуу экендигин билдирет | Кыргыз Республикасы |
”.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр У.А.Марипов