Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу боюнча пенсия чектөө үчүн камсыздандыруу стажын ырастоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
«Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесин ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу боюнча пенсия чектөө үчүн камсыздандыруу стажын ырастоонун тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 25-июлундагы № 310 «Пенсия дайындоо үчүн эмгек стажын ырастоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 28-октябрындагы № 635 «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу боюнча пенсия чектөөдө эске алынуучу камсыздандыруу стажын эсепке алуунун, эсептөөнүн жана ырастоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 7-ноябрындагы № 651 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтомунун «з», «и» пункттары;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 2-июлундагы № 311 «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу боюнча пенсия чектөөдө эске алынуучу камсыздандыруу стажын эсепке алуунун, эсептөөнүн жана ырастоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 28-октябрындагы № 635 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 20-апрелиндеги № 271 «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу боюнча пенсия чектөөдө эске алынуучу камсыздандыруу стажын эсепке алуунун, эсептөөнүн жана ырастоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 28-октябрындагы № 635 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 11-майындагы № 160 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун 2-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 27-сентябрындагы № 656 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жана күчүн жоготту деп табуу жөнүндө» токтомунун 1-пунктунун үчүнчү абзацы.
3. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев