Тарыхый-маданий мурастын кыймылсыз объекттеринин – Чүй облусундагы Ысык-Ата жана Чүй райондорунун Красноречка, Ак-Бешим жана Бурана айыл аймактарында жайгашкан Красноречка чалдыбарынын, Ак-Бешим чалдыбарынын жана Бурана тарыхый-маданий комплексинин коргоо зоналарын бекитүү жөнүндө
Чүй облусунун эл аралык маанидеги тарыхый-маданий мурасынын кыймылсыз объекттерин сактоо жана натыйжалуу пайдалануу максатында, “Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкү тарыхый-маданий мурастын кыймылсыз объекттеринин коргоо зоналары бекитилсин:
1) Чүй облусундагы Ысык-Ата районунун Красноречка айыл аймагында жайгашкан Красноречка чалдыбарынын, 1-тиркемеге ылайык;
2) Чүй облусундагы Чүй районунун Ак-Бешим айыл аймагында жайгашкан Ак-Бешим чалдыбарынын, 2-тиркемеге ылайык;
3) Чүй облусундагы Чүй районунун Бурана айыл аймагында жайгашкан Бурана тарыхый-маданий комплексинин, 3-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Ысык-Ата жана Чүй райондорунун мамлекеттик администрациялары жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү камсыз кылсын.
3. Чүй облусундагы Ысык-Ата районунун Красноречка айыл аймагынын, Чүй районунун Ак-Бешим жана Бурана айыл аймактарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына Красноречка чалдыбарынын, Ак-Бешим чалдыбарынын жана Бурана тарыхый-маданий комплексинин коргоо зоналарын коргоо жана пайдалануу режимин камсыз кылуу сунушталсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият, спорт жана жаштар саясаты бөлүмүнө, агроөнөр жай комплекси, экология жана аймактарды өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр У.А.Марипов