Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-октябрындагы № 554 “Кыргыз Республикасында айрым товарларды санариптик идентификациялоо каражаттары менен маркалоо тартиби жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
2018-жылдын 2-февралында Алматы шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинде товарларды идентификациялоо каражаттары менен маркалоо жөнүндө макулдашуунун талаптарын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-октябрындагы № 554 “Кыргыз Республикасында айрым товарларды санариптик идентификациялоо каражаттары менен маркалоо тартиби жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү жана бешинчи абзацтар менен толукталсын:
“- Алкоголдук продукцияны санариптик идентификациялоо каражаттары менен маркалоонун методикалык эрежелери, 3-тиркемеге ылайык;
- Тамеки продукциясын санариптик идентификациялоо каражаттары менен маркалоонун методикалык эрежелери, 4-тиркемеге ылайык.”;
- 2-пунктундагы “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 6-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“6. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Санариптик өнүктүрүү мамлекеттик кызматы менен бирдикте:”;
- ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда 3 жана 4-тиркемелер менен толукталсын.
2. 2022-жылдын 1-январына чейин төмөнкүлөр белгиленсин:
1) маркаланган товарларды жүгүртүүдөн чыгаруу техникалык оператор тарабынан ушул маркалоо коду жүгүртүүгө киргизилген күндөн тартып 1 жыл өткөндөн кийин, “жүгүртүүдөн шарттуу чыгарылган” маркалоо кодунун статусун өзгөртүү аркылуу “Товарларды маркалоо” автоматташтырылган маалыматтык системасында ишке ашырылат;
2) контролдук-кассалык машина аркылуу “жүгүртүүдөн шарттуу чыгарылган” статусу менен маркаланган товарды жүгүртүүдөн чыгарууда, техникалык оператор маркалоо кодун “жүгүртүүдөн чыгарылган” статусу менен алмаштырат;
3) маркаланган товарларды жүгүртүүгө киргизүү, жүгүртүүнүн катышуучулары тарабынан “Товарларды маркалоо” автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу техникалык операторду Кыргыз Республикасынын аймагына маркаланган товарларды берүү/ташып киргизүү жөнүндө кабарлоо жолу менен ишке ашырылат.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр У.А.Марипов