КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 18-октябрындагы № 484 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-апрелиндеги    197 «Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруучу бийликтин мамлекеттик органдарынын карамагындагы мекемелерде иштеген кызматкерлердин эмгегине акы төлөөнүн шарттары жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Статистикалык маалыматтын сапатын жогорулатуу үчүн шарттарды түзүү, статистикалык маалыматтарды топтоону жана аларга талдоо жүргүзүүнү жакшыртуу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-апрелиндеги № 197 «Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруучу бийликтин мамлекеттик органдарынын карамагындагы мекемелерде иштеген кызматкерлердин эмгегине акы төлөөнүн шарттары жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

 жогоруда аталган токтомдун 6-тиркемесинин 2-главасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

2. Статистикалык изилдөөлөр жана квалификацияны жогорулатуу институту

23

Директор

14000

24

Эксперт

12500

25

Бөлүмдүн башчысы

10000

26

Башкы адис

9500

27

Жетектөөчү адис

8100

28

Адис

7100

2. Ушул токтомду 2018-жылы ишке ашырууга байланыштуу чыгымдар Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетине 2018-жылга каралган каражаттардын чегинде жүзөгө ашырыла тургандыгы аныкталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2019-жылга жана андан кийинки жылдарга карата Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетин түзүүдө ушул токтомдон келип чыгуучу чыгымдарды каржылоо үчүн акча каражаттарын караштырсын.

4. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети (макулдашуу боюнча) өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 Премьер-министр                                                                  М.Д.Абылгазиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу