КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 19-апрелиндеги №150 токтому

2018-жылдын 9-апрелинде Анкара шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Басма сөз жана маалымат жаатында кызматташуу жөнүндө протоколду бекитүү тууралуу 

Мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында, «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. 2018-жылдын 9-апрелинде Анкара шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Басма сөз жана маалымат жаатында кызматташуу жөнүндө протоколу бекитилсин. 

2. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жогоруда аталган протоколду ишке ашыруу үчүн жооптуу орган болуп аныкталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасы тарабынан жогоруда аталган протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболор аткарылгандыгы жөнүндө түрк тарапка белгиленген тартипе кабарласын.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.


Премьер-министр                                У.А. Марипов


Тиркемелер

Басып чыгаруу