КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 20-апрелиндеги № 158 токтому

Мүлктү жана кирешелерди ыктыярдуу декларациялоо жөнүндө декларацияны берүү тартиби тууралуу

«Жеке адамдардын мүлкүн жана кирешелерин ыктыярдуу декларациялоосу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

1) Мүлктү жана кирешелерди ыктыярдуу декларациялоо жөнүндө декларацияны толтуруу жана күбөлөндүрүү тартиби, 1-тиркемеге ылайык;

2) мүлктү жана кирешелерди ыктыярдуу декларациялоо жөнүндө декларациянын бланкынын формасы, 2-тиркемеге ылайык;

3) Мүлктү жана кирешелерди ыктыярдуу декларациялоо объекттеринин классификатору, 3-тиркемеге ылайык.

2. Ыктыярдуу декларациялоо объектин декларантка кайра тариздөө Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык таризделген, декларациялануучу мүлктү менчикке акысыз өткөрүп берүү жөнүндө келишимдин негизинде ишке ашырыла тургандыгы белгиленсин.

3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги ыктыярдуу декларациялоо үчүн милдеттенмелер боюнча акча каражаттарын эсепке киргизүү үчүн Бирдиктүү казыналык эсеп системасында эсеп ачсын.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 29-июлундагы № 425 «Кирешелер жана мүлк жөнүндө декларацияны берүүнүн тартиби жөнүндө» токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана финансы бөлүмүнө жүктөлсүн.

6. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2021-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр                                                                  У.А.Марипов

тиркеме