КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 3-майындагы №177 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-апрелиндеги № 159 “Мамлекеттик алымдын ставкаларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

Айлана-чөйрөгө терс таасир тийгизүүдөн келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндө, жаратылышты коргоо мыйзамдарын бузуу, жаратылыш ресурстарын сарамжалсыз пайдалануу үчүн доо арыздарын берүүдө жеке жана юридикалык жактардын чыгымдарын азайтуу максатында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 28-апрелиндеги № 4536-VI токтомун эске алуу менен, Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин 139-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-апрелиндеги № 159 “Мамлекеттик алымдын ставкаларын бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген мамлекеттик алымдын ставкаларында:

- 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы 15-пунктча менен толукталсын:

“15) айлана-чөйрөгө терс таасир тийгизүүдөн келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндө, жаратылышты коргоо мыйзамдарын бузуу, жаратылыш ресурстарын сарамжалсыз пайдалануу үчүн жеке жана юридикалык жактардын доо арыздарынан - эсептик көрсөткүчтүн 1 эселенген өлчөмү.”.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. 


Премьер-министр                                                                    У.А. Марипов


Тиркемелер

Басып чыгаруу