КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 30-апрелиндеги № 176 токтому

Азык-түлүк товарларына рыноктук бааларды турукташтыруу максатында кошумча наркка нөл (0) пайыз ставкасы боюнча салык салынуучу товарлар жөнүндө

Азык-түлүк товарларына рыноктук бааларды турукташтыруу, Кыргыз Республикасында калктын социалдык жактан аялуу катмарына колдоо көрсөтүү, “COVID-19” коронавирустук инфекциянын алдын алууга жана жайылышына бөгөт коюуга багытталган чараларды жүзөгө ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 29 жана 227-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:  

1. 2021-жылдын 1-апрелинен 31-декабрына чейин Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду тарабынан импорттолуучу (ташып киргизилүүчү) кум шекерди (ЕАЭБ ТЭИ ТН 1701 коду) жана рафинаддалган өсүмдүк майын (ЕАЭБ ТЭИ ТН 1512 коду) салык салынуучу импорт боюнча кошумча наркка нөл (0) пайыз өлчөмүндө салык ставкасы белгиленсин. 

2. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2021-жылдын 1-апрелинен тартып күчүнө кирет. 


Премьер-министр                                                                                У.А.Марипов

Тиркемелер

Басып чыгаруу