КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 4-майындагы № 125-б буйругу

“Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын  2-декабрындагы № 660 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн балдар адабияты жаатындагы сыйлыктары жөнүндө” токтомун көңүлгө алуу менен: 

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кыргыз тилиндеги балдар адабияты жаатындагы сыйлыгы төмөнкү лауреаттарга 50 000 (элүү миң) сомдон ыйгарылсын:

- Наматов Аман Наматовичке – “Балдар үчүн чыгарылган эң мыкты поэзия чыгармасы үчүн” номинациясында “Гүлчечекей кулунчак” аттуу чыгармасынын жыйнагы үчүн;

- Ырысбай Абдыраимовго – “Балдар үчүн чыгарылган эң мыкты проза чыгармасы үчүн” номинациясында “Түбөлүктүү чеп” аттуу чыгармасынын жыйнагы үчүн;

- Сатыбалды Мамбеталиевге – “Балдар үчүн адабий чыгармаларды кыргыз тилине эң мыкты которгондугу үчүн” номинациясында “Керемет жомоктор” аттуу балдар жомокторунун жыйнагын которгондугу үчүн.

2. Сыйлоого байланышкан чыгымдарды каржылоо Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин 2021-жылдагы бюджетинде каралган каражаттардын  чегинде жүргүзүлсүн.

3. Ушул буйрук жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

Премьер-министр                                                                  У.А.Марипов




Тиркемелер

Басып чыгаруу