Иштетилбеген же одоно майдаланган, таарып кесилген же башка ыкма менен тик бурчтуу, чарчы формадагы блок же такталарга бөлүнгөн акиташ-ракушечникти Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан сыртка ташып чыгарууга убактылуу тыюу салуу киргизүү жөнүндө
2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 46 жана 47-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн же казып алынган иштетилбеген же одоно майдаланган, таарып кесилген же башка ыкма менен тик бурчтуу, чарчы формадагы блок же такталарга бөлүнгөн акиташ-ракушечникти (ЕАЭБ ТЭИ ТН 2515 11 000 0 жана 2515 12 000 0 коддору менен классификацияланган) Кыргыз Республикасынан, Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынын чегинен сыртка ташып чыгарууга ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып он күн өткөндөн кийин алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып үч күндөн кечиктирбестен, белгиленген тартипте Дүйнөлүк соода уюмунун Коргоо чаралары боюнча комитетине жана Евразия экономикалык комиссиясына кабарласын.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Аткаруу комитетине ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып үч күндөн кечиктирбестен, ушул токтомдун 1-пунктуна ылайык убактылуу тыюу салынгандыгы тууралуу белгиленген тартипте кабарласын.
4. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жана Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы ушул токтомдун 1-пунктунда аталган товарларды мыйзамсыз ташып чыгарууга бөгөт коюуга багытталган зарыл чараларды көрүшсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана финансы бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр У.А.Марипов